Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Сабиров: Аскер техникасын туристтик максаттарда колдонуу мүмкүн эмес

 Коргоо иштери боюнча комитеттин мүчөсү Орусия тарабынан белекке берилген МИ-8 вертолетторун туристтерди тейлөө үчүн колдонулушу мүмкүн экендигине ишенбейт

Орусия тарабынан белекке берилген Ми-8 вертолетторун туристтерди тейлөө үчүн пайдалануу мүмкүн эмес. Мындай оюн Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук парламенттик комитетинин мүчөсү Максат Сабиров Vesti.kg сайты менен бөлүштү.  Буга чейин Vesti.kg Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам катарында 9 кайгуул БРДМ-2 унаасын жана эки МИ-8 тик учагын бергенин жазган эле.

«Аскердик техника, бул аскердик техниканы, аны жарандык максаттарда колдонууга болбойт, - дейт эл өкүлү. Өткөн жылы тик учактын кулаганын бардыгыбыз билебиз. Депутаттар ошондо бул тууралуу маселени көтөргөн элек », - деди ал.

Сабировдун комитеттеги кесиптеши Бахадыр Сулейманов техника туристтик багытта колдонулаарына ишенбейт.

«Бул чындыкка жатпаган эле маалымат го дейм», - деп ал Vesti.kg менен болгон маегинде божомолдоду. - Мен ал тик учактарды көргөм да. Анда эки учкучка, солдаттар менен пулеметторго эле орун бар. Ким буларды туристтерге иштетмек эле?

Эскерте кетсек, буга чейин Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов Vesti.kg сайты менен маек куруп, анда Орусиядан келген тик учактар өздөрүн камсыз кылып турушу үчүн кайра эле туристтерди тейлеп башташы мүмкүн деген оюн билдирген:

«Бюджетте авиа күйүүчү майга каражат жетпейт. Армия мамбюджеттен жарым жартылай эле каржылоо алат, ал тургай авиаторлор иштеп тапкан акчаны да кээде ала албай калган күндөр болот. Учуулар такай эле болуп турганы менен аскерлер керосинге акча сураганда Минфин ар дайым эле буга каражат бөлүп бербейт».

2018-жылдын июль айында Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапта аскердик тик учак кулап түшкөн.Анда Япония жана Польша өлкөсүнүн жарандары, жергиликтүү котормочу жана КРнын үч аскер кызматкери жабыркаган.

 

Ольга Федорчук

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх