Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чиновниктер Марстан учуп түшкөн жок да, эл урандын казылышына каршы болоорун түшүнүш керек эле»

Кызыл-Омпол кенине байланыштуу чыр Кыргызстандын инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет деген ойлор жок эмес

Кыргызстанда көптөгөн саясий чечимдер жүйөөлүү бир тыянактардын негизинде эмес эмоциялардын негизинде кабыл алынат. Мындай оюн Vesti.kg сайтына экономикалык илимдердин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди:  

«Албетте, мындай шарттарда инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү тууралуу сөз кылууга болбойт. Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингдердеги абалы мышык ыйлаарлык. Негизи, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинде биринчи ирет менчик укуктарын, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, сот бийлигинин көз карандысыздыгы ж.б ушул сыяктуу индикаторлорго баа берилет. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бул пункттардын ар биринде көйгөйлөр бар».

Төлөнбек Шакирович уранды казууда мүмкүн болгон бардык кесепеттерди талдап чыкпаган аткаминерлердин шалаакылыгы үчүн азыр бардыгына президент жооп  берип жаткандыгын кошумчалады.

- Биздин мамлекеттик кызматкерлер бизге Марстан же айдан түшкөн жок да, алар биздин эл Ысык-Көлдө радиоактивдүү металлдардын казылышына каршы чыгышаарын түшүнүш керек эле, - деп түшүндүрдү ал. - Эч ким бул кандай пайда алып келет жана туристтик багыт кандай чыгашага түшүшү мүмкүн деген талдоо кылган жок. Чиновниктер Кумтордо болгон кырсыкты унутуп калса керек. Салыштырып көрсөк, Казакстанда каалаган маселе боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн улуттук изилдөө институттары арбын. Путиндин жүздөгөн талдоочулары бар. Бул өлкөлөрдө бардык кадамдар менен чечимдер ийне жибине чейин жолго салынган, бизде болсо уран кениндеги чалгындоо иштерине лицензия берээрден мурда эч ким ойлонгон жок. Эми болсо кайра андан баш тартып отурабыз. Кайсы инвестор мындан кийин биздин өлкөдө бизнес жайылткысы келет?

Ал эми КРнын Соода-өндүрүштүк палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев өз кезегинде Ысык-Көл облусундагы уран кениндеги чалгындоо иштеринен шашылыш токтотуу Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна анча деле чоң таасирин тийгизбейт деген ойдо.

«Радиоактивдүү металдарды казуу боюнча келишим өзгөчө шарттарга ээ болгон болушу керек», - деп ал Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди: «Келишимде так кандай пункттар көрсөтүлгөн белгисиз. Жөнөкөй инвесторлор биздин өлкөнүн бул чечими үчүн кандайдыр бир терс аракеттерге барат деп ойлобойм», - деди ал өз сөзүндө.

Тактай кетсек, бир нече күн мурда Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын соттору менен жолугуушусунда Кыргызстанда уран казылбай турганын билдирген:

«Биз кийинки муундарга бирдиктүү коом, укуктук мамлекетти өткөрүп беришибиз керек», - деп белгиледи президент. «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенинде уран казуу маселеси боюнча коомдо курч талкуулар жүрүп жатат. Чалгындоо иштерине макулдук берүүдө коммчулук менен өлкөнүн кызыкчылыктары каралбай калган. Тескерисинче, лицензия берүү тармагында кадимки базардагыдай «алып-сатуу» өнүгүп кеткен».



Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх