Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финкызмат: Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү боюнча так мөөнөттөр жок

Финполиция ар тараптуу, толук кандуу жана калыс териштирүү жүрүүдө деп дагы деле ишендирүүдө

Чубактын чуусундай созулган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери акыркы убакта коомчулуктун кыжырдануусун күндөн күнгө арттырууда. Буга байланыштуу Vesti.kg мыйзам тарабынан мындай текшерүүлөргө белгилүү бир мөөнөт каралганбы билүү үчүн Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматына (Финполиция) кайрылды.

- Сотко чейинки текшерүүлөргө мыйзам тарабынан бекитилген атайын бир мөөнөттөр жок, - деп Vesti.kg сайтына мекемеде билдиришти. - Азыркы маалда ар тараптуу, толук кандуу жана калыс териштирүүгө багытталган бардык тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жыйынтыктары  кошумча кабарланат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-декабрында  КРнын президенти катары алгачкы ирет өткөргөн пресс-конференция жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун коррупцияга тиешеси бар болушу мүмкүн деген билдирүүлөрдүн негизинде териштирүүлөр жүргүзүлөөрүн билдирген. Көп өтпөй Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматы бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарынын мүлкүн текшерүү иштерин баштаганы белгилүү болгон.

 

Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх