Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бабановду ага карата жүрүп жаткан түшүнүксүз мамиле токтотууда»

Бирок, ошол эле маалда саясаттан расмий түрдө кеткен «Республиканын» экс-лидерине ашыкча көп көңүл бурулуп жатышы деле мүмкүн…

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине саясий шарттар дагы, муктаждык да жок. Мындай оюн көз карандысыз саясат таануучу Максат Мамытканов билдирди.

- Ал мекенине парламенттик шайлоонун алдында «Республика» партиясын иштетүүгө билек түрө киришүү үчүн келиши мүмкүн эле, - деген пикирин ал Vesti.kg менен бөлүштү. - Бирок, Кыргызстанда ага «ал баш тарта албай турган сунуш киргизишкен» - саясатчыны кылмыш иши боюнча тергөө күтүп жатат. Андыктан, анын келиши күмөн.

Саясий маселелер боюнча дагы бир эксперт Аркадий Гладилов мындай пикирге кошулбайт. Саясат таануучу «Өмүрбек Бабанов ал жок солгундай түшчү бирден бир саясий бирикмени колдон түшүрбөйт» деген ишеничте.
Албетте заманбап шарттарда партияны алыста туруп деле жетектесе болот деңизчи, анын үстүнө Бабановдун Кыргызстандагы абалды талдап турган мыкты жардамчылары дагы жетиштүү, бирок, лидердин салтанаттуу кайтып келиши партиянын баркына оң таасирин тийгизет эле.

- Бирок, ал келеби-жокпу, көптөгөн факторлого байланыштуу болот, - деп түшүндүрөт саясат таануучу. - Президенттин саясатынан баштап, күч структураларын жетектеп тургандарга чейин. Арийне, Бабанов бийликтен ага карата куугунтуктоо болбойт, кылмыш иши жабылат деген билдирүүсүн күткөнү айдан ачык. Анда ал эртең эле келе калмак. Азыр аны ага карата болуп жаткан мына ушундай түшүнүксүз мамиле токтотуп атат. Бабанов өзүнүн эртеңки эркиндигине толук ишенген жок.

Бирок, маселе саясатчыга тагылган эл аралык кастыкты козутуу айыбында эле эместигин да Гладилов белгилеп өттү. Ири ишкерлердин бардыгынан эле айып издесе чыга берээри сыр эмес да, - дейт ал.
Бабанов – президенттик шайлоодо добуштардын үчтөн биринен көбүнө ээ болгон эл оозундагы саясатчы экендигин саясат таануучу эскертип өттү.
Дал ушул үчүн азыр өлкө башчысынын аппараты кичине саясий тайкылык кылууда: күчтүү атаандашты жакын кармаган эле оң, жок дегенде өлкө аймагында.

Башка жактан караганда, Өмүрбек Бабановдун атын азыркы өлкө башчысынын багытын колдобогон күчтөрдүн пайдаланып кетиши да мүмкүндүгүн Гладилов кошумчалап өттү.
- Кыргызстандын саясатынын багытын узак мөөнөткө божомолдоо кыйын, -дейт ал. - Таптакыр каршы көз караштагы эки саясатчы эртең үчүнчүнү тактан кулатуу үчүн биригип, андан кийин кайра эки жакка басып кете алышат. Бизде мындай учурлар далай болгон. Бирок, Аркадий Гладилов «Республиканын» лидеринде чыр-чатак чыгаруу ою жок деп эсептейт. Буга далил катары анын 2019-жылдын 13-апрелинде Кыргызстанга келүүдөн баш тарткандыгын айтса болот:
«Эгерде Бабанов ошол күнү өлкөгө келип, аны гүлдөр менен кучак жайып тосуп алып, андан кийин дароо камап салышса, - мындан жаман болмок», - деп саясатчы баса белгилейт. -Элдер кыжырданып, жок жерден революция алдындагыдай кырдаал жаралмак. Анткени, чынында аны колдогондор абдан көп. Бабанов абалды курчутканды каалаган жок, ошондуктан, азырынча ага өлкөгө кайтып келүү али эрте экенин түшүнүп жатат. Мунусуна рахмат гана дей алабыз.
Ал эми юридикалык илимдердин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Бекбосун Бөрүбашев саясаттан расмий түрдө кеткен президентикке экс-талапкерге ашыкча көп көңүл бурулуп жатат деп эсептейт. Саясат таануучу «Ал өлкөгө келип же келбесин кызуу талкууларсыз эле чечсе болмок» деген ишеничте.
- Ивановдун «Христостун элге кайра кайтып келиши» сүрөтүнө окшобойчу, - деп талдоочу Vesti.kg сайтына берген маегинде какшыктай өттү. - Албетте, бизде саясат акча менен өлчөнөт, ал болсо ченебегендей бай. Эгерде Бабанов кайтып келсе, анын үзөңгүлөштөрү кайра парламентке келүүгө мүмкүндүк алышат. А элге, өлкөгө эмне пайда?

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg 2017-жылдагы шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов апрелдин башында Кыргызстанга кайтып келүүгө ниеттенип жатканын маалымдаган эле. Мекенде аны тарапташтары менен бирге эл аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши күтүп турат.
13-апрелде саясатчы видео кайрылуу аркылуу келбей тургандыгын кабарлаган.
- Мага сиздердин тынчтыгыңар менен өмүрүңөр саясий упайларга караганда алда канча баалуу, - деген Бабанов. - Тынчтык митингдерин токтотууну суранам. Эгерде мен сиздердин ишеничиңиздерди актай албаган болсом, кечирим сурайм.

Ал мекенин сагынып жатканын жана жакын арада кайтып келээрин кошумчалаган. «Республика» партиясы 12-апрелден 13нө караган түнү даярдалып жаткан көптөгөн чагымчыл аракеттер туурасында түшүп жаткан билдирүүлөрдү белгилеп өткөн.

«Өмүрбек Бабанов мындай абалдагы жалгыз туура чечимди кабыл алып, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу менен тынчтыгын жеке кызыкчылыктарынан жогору коерун далилдеди. Биз ага ишенебиз жана Кыргызстанга жакын арада кайтып келишин чыдамсыздык менен күтөбүз» - деп партияда билдиришти.
23-апрелде «Республика - Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештеги депутат Руслан Казакбаев Vesti.kg сайтына саясатчы байланышка чыгып жатканын, бирок анын кайтып келиши туурасында жаңы маалыматтар жок экенин маалымдаган.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүнүн "кызуу" мүмкүндүктөрүн таштабайт деп терең ишенет. Талдоочу президентикке экс-талапкер мекенине 2019-жылы жайында келиши мүмкүн деген пикирде.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх