Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Альфанын» экс-командири: Суталиновду соттордун өздөрү чыгарганына ишениш кыйын, алардын буга эрки жетпейт эле

ЖКнын депутаттары УКМКнын мурдагы башчысынын бошотулушу боюнча өз пикирлерин билдиришти. Айыкпас оору менен жабыркаган генерал азыр үйүндө

Сот Мурат Суталиновду абактан бошотуп, туура чечим кабыл алды. Мындай оюн Vesti.kg сайтына бүгүн сотко катышкандардын арасында болгон ЖКнын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

- Мен бүгүн сотко катыштым, - дейт парламентарий. - Чынын айтсам, абдан толкундандым. Сот абдан туура чечим кабыл алды деп эсептейм. Мыйзам жаранды ден-соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн эрте абактан бошотууга жол берет. Мурат үчүн абдан кубанычтамын. Убактылуу өкмөттүн мойнундагы бардык курмандыктарды ага илүүгө аракеттенишкен деп айта алам. Мен Мурат Абдыбековичти абдан жакшы тааныйм. Бекем ден-соолук каалап кетет элем.

Башка эл өкүлү Таабалды Тиллаев дагы шаардык соттун чечимин туура деп эсептейт.

- Бул туура чечимдеп эсептейм, - деди депутат Vesti.kg сайтына. - Буга чейин шаардык сот чечимди улам жылдырып келген эле. КРнын конституциясына ылайык адам укугу анын аты-жөнүнө карабастан корголушу керек.

Алардын кесиптеши Максат Сабиров өз кезегинде Vesti.kg сайтына Мурат Суталиновдун бошотулушун баары эле каалаганын айтып өттү.

- Муну бардыгы эле күткөн, - дейт парламент өкүлү. Ал 4-стадиядагы рак оорусу менен ооруйт. Башкысы, Батукаевдин окуясы экинчи кайталанбашы керек. Мындан башка дагы бир көйгөй бар - көптөгөн жылдар бою абакта отуруп, ал жерде көз жумган жөнөкөй жарандар. Мыйзам бардык адамдарга карата бирдей иштеши керек.

Ал ортодо,7-апрелдеги окуяларга байланыштуу түрмөдө отуруп чыккан УКМКнын «Альфа» атайын отрядынын мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде шаардык сот коомчулуктун басымы астында гана Суталиновду бошоткон деп божомолдоду.

- Шаардык сот башында эле кабыл алыныш керек болгон чечимге эми келип отурат., - деп белгиледи ал. Анткени, Суталиновдун оорусу кечээ эле башталган жок да. Соттор мындай чечимге өздөрү келгенине ишениш кыйын. Мурат Суталиновду толук кандуу дарылануу алып, бул абалдан чыгышы үчүн аны абактан бошотууга бардык негиздер бар эле. Менимче, соттор чечимин коомчулуктун басымы менен кабыл алышты. Алардын буга эрки жетмек эмес. Биздин соттор абдан алсыз.
Ал арада Мурат Суталиновдун жубайы Vesti.kg сайтына алар азыр өз үйүндө экенин маалымдады.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх