Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Атамбаевдин Юстиция министрлигинин аткаминерлерине каршы жазган арызын каттоого алды (сүрөт)

Партияда Сагынбек Абдрахмановдун реестрге киргизилгендиги боюнча кылмыш иши козголо тургандыгын белгилешти

Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлерине карата Сагынбек Абдырахмановду КСДП партиясынын лидери катары реестрге киргизип койгондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «социал-демократтардын» расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Бүгүн биздин юристтер Алмазбек Атамбаевдин арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынгандыгы тууралуу билдирүү алышты, бул кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт, - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Юстиция министрлиги өз реестрине «социал-демократтардын» партиясынын лидери катары «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду каттагандыгы белгилүү болгон. Алмазбек Атамбаев башында турган саясий биримдиктин мүчөлөрү мекемеге партиянын жетекчилиги алмашпагандыгын билдиришкенин жана Минюст мыйзам бузгандыгын баса белгилешкен.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх