«Кыргызстанда интернет толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болуп калышы мүмкүн»
Укук коргоочулар бул боюнча кабатыр ойлорун билдиришүүдө. Мурдагы чекисттер болсо атайын кызматтар виртуалдык трафикти көзөмөлдөбөшү керектигин белгилешет
УКМКга интернет трафигин көзөмөлдөө ыйгарым укугун берүү - жакшы ой эмес. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максат Мамытканов билдирди.
- Экономика министрлигинин бул сунушу Укук коргоо органдарына кедергисин тийгизет, - деп белгиледи ал. Мындай милдет УКМКнын ыйгарым укуктарынын арасында жок. Интернет-трафикти көзөмөлдөө үчүн бизде фискалдык орган бар. Эгерде маселе өлкөгө канча интернет трафик кирип-чыгып жатканында болсо, анда биздин өлкөнүн чек арасын басып өткөн нерсенин бардыгын Бажы кызматы көзөмөлдөйт. Мына ошол жерде энергетикалык бажы сыяктуу информациянын транзитин көзөмөлдөй турган бөлүм ачуу керек.
Мамытканов УКМК кирген-чыккан интернет трафикти эсептөө үчүн техникалык мүмкүнчүлүккө ээ эместигин кошумчалады.
- Бул мыйзам интернетти ооздуктоого же элдин эмнени көрүп жатканын текшерүүгө багытталган эмес деген ойдомун, - дейт талдоочу. - Сөз экономикалык жакта гана болуп жатат. Биздин айрым интернет-провайдерлер ар кандай техникалык каражаттарды колдонушуп, интернет-каналдар аркылуу өздөрү көрсөткөндөн алда канча көп көлөмдөгү трафик ала алышат. Андыктан өкмөттүн токтому бюджетке түшкөн акча жана салыкка гана байланыштуу. Бирок, бул улуттук коопсуздук органдарынын иши эмес.
Укук коргоочу Рита Карасартова өз кезегинде өкмөттүн кирип чыккан интернеттин эсебин алуу жана көзөмөлдөө туурасында даярдалган токтому кыргызстандыктардын укуктарын бузат деген ишеничте.
- Бүгүнкү күндө талкууланып жаткан өкмөттүн токтому - интернетти көзөмөлдөөнү жөнгө салууга арналган демилгелердин бири, деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Буга чейин жаш балдарды тармактагы зыяндуу контенттерден коргоо боюнча сунуш түшкөн эле. Жалпы жонунан мунун бардыгы азыр Орусияда жүрүп жаткан абалды окшоштурат. Биздикилер РФда кабыл алынгандарга куюп койгондой окшош мыйзамдарды кабыл алганга өтө жакын эмеспи. Бирок, биз эмнеге умтулуп жатканыбызды түшүнүшүбүз зарыл. Жабык мамлекет болууну каалайбызбы же мүмкүн жарандарыбыздын критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүргөнүбүз дурустур?
Рита Рахмановна эгерде интернет-трафикти көзөмөлдөө боюнча токтом кабыл алынса, бүткүл Кыргызстандын интернет мейкиндиги УКМКнын көзөмөл астында болоорун кошумчалады.
- Кимдир бирөө биз эмнени көрө алаар-албасызды биз үчүн аныктап турат, - дейт ал. _ - Биз айрым сайттардани жаңылык окуу мүмкүндүгүнөн да ажырап калышыбыз мүмкүн.-
Тактай кетсек, Экономика министрлиги «Кирген-чыккан интернетти эсепке алуу жана көзөмөлдөөнүн тартиби туурасындагы» өкмөттүн токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштаган.
Документте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кирген-чыккан интернет трафикти көзөмөлдөө милдетин жүктөө сунушталат.
Муну менен бирге мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде КРде азыркы маалда кирген-чыккан интернет трафикти эсепке алып, жөнгө сала турган механизмдердин жоктугунан эсепке алынбай калган трафик көйгөйү негиздеме маалымкатыВместе с тем в справке-обосновании к закону жок эмес.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык,токтомду жүзөгө ашыруу үчүн колдонулчу жабдуулардын баасы 1-5 миллионго барабар болушу мүмкүн. Пилоттук долбоорду үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тарта ишке берүү каралууда.
Вероника Малышева
Фото www