Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Суталиновду буга чейин бошотуудан баш тарткан сотту жоопкерчиликке тартуу сунушталууда

Юридикалык илимдердин доктору оор илдет менен жабыркаган генералды темир тор артында калтырган сот мыйзамды билбейт деген пикирде

Айыкпас ооруга чалдыккан УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду бошотпой койгон биринчи инстанциянын сотун туура эмес чечим кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу керек. Мындай пикири менен юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде бөлүштү.

- Юридикалык факультеттин биринчи курсунун студенттери да муну билет. Эски Кылмыш кодекси боюнча сот өлүм алдында турган адамды бошотушу керек. Жаңы мыйзамдарда шарттар кичине башкача. Суталиновду биринчи инстанциядагы сотто эле бошотуулары керек эле. Сот эмнегедир муну кылбай койгон.

Кайрат Медербековичтин айтымында, эгерде сот мыйзамдарды билбесе, дисциплинардык комиссия анын кызмат ордуна шайкеш келишин караштырышы керек. Ал эми, эгерде ал өлүм астындагы кишини атайлап темир тор артында калтырган болсо, анда бул боюнча кылмыш ишин козгоо зарыл.

Ал арада Жогорку соттун экс төрагасы Курманбек Осмонов Vesti.kg сайтына берген маегинде биринчи инстанциядагы соттун жоопкерчилиги боюнча пикирин анын чечими менен таанышкандан кийин гана айтып бере алаарын белгиледи. Бирок, жалпысынан Суталиновдун мисалы жаңы кодекстердин кемчиликтерин ачып койгонун жашырбайт.

- Биринчи инстанциянын соту аны мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөй электигин белгилеп, бошотуудан баш тарткан, бул болсо жаңы Кылмыш кодексинин мүчүлүштүктөрүнүн дал өзү, - деп түшүндүрдү Курманбек Эргешович. - Ошондо жаңы мыйзамдар боюнча өлүм алдындагы оорулуу тийиштүү мөөнөттү өтөй электиги үчүн түрмөдө кыйналып өлүшү керекпи? Мындан сырткары,буга чейин абактан бошотулган оорулуу адамды Саламаттыкты сактоо министрлигине же туугандарына өткөрүп беришчү, ал эми, Батукаевди төрт тарабың кыбыла деп бошотуп коюшту. Суталинов болсо сотто эч жакка кетүүгө ниети жок экенин айткан. Анын үстүнө ал элден чын ыкласынан кечирим сурабадыбы. Сот акыры эң туура чечимди кабыл алганы жакшы болду.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Бишкек шаардык соту айыкпас ооруга чалдыккан УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду бошотуу чечимин кабыл алганын маалымдаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы комиссия анын чынында эле 4-стадиядагы рак оорусу менен жабыркаарын тастыктаган.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх