Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министринин кеңешчиси анын эч нерсени билбеген орун басарларын жумуштан кетирүүнү сунуштады

Билим берүү министринин мурдагы орун басары чагылгандай тез алмашкан өкмөттөр менен бул тармакта өнүгүүнү күтпөй эле койсо болоорун белгиледи

Кыргызстандагы билим берүү тармагын эч бир министр тартипке келтире албайт, анткени эч ким ага мүмкүндүк бербейт. Мындай пикирин мурдагы билим министри, ЖКнын V чакырылышындагы депутат Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосунун эфиринде билдирди.

«Системаны өзгөртүү керек, болбосо, мага окшогон дагы он кишини деле алып келген менен майнап чыкпайт, - дейт ал. - Министр болдуңбу - кадр, каржы саясатын ачык жүргүзүүгө бут тосушат. Министр болдуңбу - дароо эки орун басарды алып келип коюшат. Бирөө - президенттин кишиси, экинчиси - өкмөт башчыныкы. Кыңк этип көр анан».


Мурдагы депутат билим берүүдөгү аткаминерлер жеке максаттарын ишке ашыруу үчүн кызмат абалын пайдаланышат.

«Китептерди басып чыгарууга кредит алабыз. Бирок, Италия, Индиядан китептерди басып чыгаруу коррупциялашкан. Мунун бардыгын премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев көрүп турат. Мындай нерселерге жол берип коюп, бири-бирибизди мактап-жактап отурганыбызды кандайча түшүнсө болот? - дейт Осмоналиев. Өлкөбүздүн билим берүү системасына атайын диверсия уюштурулуп жаткан жокпу деген да суроо туулат».

Ошондой эле мекеменин экс-башчысы бул кызматка ал билим берүү тармагында 31 жыл иштегенден кийин гана келген болсо, азыркы министрлер асмандан эле түшкөндөй отуруп калып жатышканын айтты.
Билим берүү министринин мурдагы орун басары жана V чакырылыштагы экс-депутат Эльмира Иманалиева билим берүү тармагы түп тамырынан реформага муктаж деген оюна кошулат. Бирок, ошол эле маалда ал Vesti.kg сайтына алардан натыйжа чыгаары эмне үчүн күмөн санарлык экендигин да түшүндүрүп кетти.

- Бул андагы өзгөрүүлөр узак мөөнөттүү жыйынтык алып келе турган тармак, - дейт мурдагы эл өкүлү. Социалдык жана башка тармактарда башкача болушу да мүмкүн эмес. Бирок, бизде өкмөт өтө тез алмашат, ишти улантуу деген жок. Мына ошон үчүн билимди узак убакытка туура жолго салууга мүмкүндүк жок.

Билим берүү министринин кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев өзүнүн адашы Каныбек Осмоналиевдин пикирине кошулат. Ал мурдагы министрди билим тармагын ийне-жибине чейин билген тажрыйбасы мол адам катары мүнөздөйт.
-

Азыркы министр Гүлмира Кудайбердиеванын бардык орун басарлары аман эле болсун - деди ал Vesti.kg сайтына. Аларды мен Крыловдун «Кандай отурбагыла, баары бир музыкантка жарабайсыңар» тамсилине окшоштурам. Министрдин командасы жок. Ал эми жалгыз министрдин колунан эч нерсе келбейт.

Профессор ал буга чейин бир нече ирет айтып келген Антикоррупциондук план азыркыга чейин ишке ашпаганын белгиледи.

- Менин кеңешим - орун-басарларды, статс-катчыны, айтор, бардык команданы айдап кетирүү. - Министр жардамчылары дап-даяр кылып алып келген документтерге кол коюшу керек. Булар болсо ачыбаган камырга окшогон, «тормоздордун» командасы. Андан көрө ага иш билги адистерден турган команда чогултканга жол беришсе.


Ольга Федорчук
Фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх