Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары: Элге президентти сүрөткө тартууга тыюу салганды кантип түшүнсө болот?

«Өлбөс полктун» жүрүшүндө киргизилген чектөөлөргө мурдагы чекисттер айран-таң

Сүрөт президенттин коопсуздугуна эч бир таасирин тийгизе албайт. Мындай оюн УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

- Бишкек шаардык кеңешинин сүрөт тартууга тыюу салчу ыйгарым укуктары барбы-жокпу билбейм, - деди ал. - Азыр ар бир кишиде телефон бар. Ар ким сүрөткө тарта алат. Кантип буга тыюу салса болот? Ал жерде толгон эл болот да. Массалык иш-чараларда өлкө башчысын сүрөткө тартууга тыюу салууну биринчи жолу угуп жатам. Мунун эмнеси жаман экен? Сүрөт президенттин коопсуздугуна таасир этпейт да. Реалдык абалды караш керек. Иш-чарага кара ниет менен келгендерди таап чыгыш керек. Ал жерге миңдеген адамдар барат. Ошондо алардын ар бирин шекший бериш керекпи? Президенттин муну текшерчү өзүнүн коопсуздук кызматы бар.

УКМКнын башкармалыгынын мурдагы башчысы да Vesti.kg менен маектешип, шаардык бийлик кантип элге өлкө башчысын сүрөткө тартууга тыюу салган жатканы ага кызык болуп жатканын айтты.

- Жүрүштө басчу элдерге кантип сүрөт тартууга тыюу салынат? - дейт айраң-таң болгон мурдагы чекист. - Бул өтө кыйын да. Элдин бардыгы бул күнү сүрөткө тарткысы келет. Бул абдан кызыктуу билдирүү болду. Эгерде мэрия сотко кайрылып, сот президентти сүрөткө тартууга тыюу салса башка кеп болмок. Элге кантип тыюу саласың? Ал жакта миңдеген адамдар болот.

Тактай кетсек, Бишкек шаардык кеңеши 9-май күнү «Өлбөс полк» жүрүшү маалында дрондорду колдонууга тыюу салынгандыгын билдирген. Мындан сырткары, шаардык бийлик жүрүшкө президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видеого тартууга болбойт дешкен. Өлкө башчысы жүрүштөн кеткенден кийин сүрөт жана видео тартууга жол берилет. Бирок, дрон колдонууга болбойт.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх