Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Батукаевдин эжесинен алынган 100 миң доллар. Мурдагы акыйкатчы ал жөнүндөгү ушакты Атамбаевдин командасы таркатып жатканына ишенет

Турсунбек Акун өзүн жаманатты кылган маалыматты дагы бир ирет төгүндөдү

Социалдык тармактарда кыргызстандыктар «мыйзамдагы ууру» - Азиз Батукаевдин эжесинин ошол маалдагы акыйкатчы Турсунбек Акунга үй-бүлөбүз менен бир тууганымдын бошотулушу үчүн 100 миң доллар бергенбиз деп айткан билдирүүсүн кайра талкууга алышууда.

Кезектеги билдирүүлөрдүн биринде Акун Батукаевдердин үй-бүлөсүнө жардам берүүнү убадалап, бирок, аларды алдап кеткени жана бул акчага ал өзүнө үй салып алганы жазылган.

Турсунбек Акун өз кезегинде Vesti.kg сайтына бул боюнча бир нече ирет түшүндүрмө берип өткөнүн билдирди.

- Мен буга чейин да мунун бардыгы калп экенин айтып келгем, - дейт ал. - Эч кандай акча алган эмесмин. Ал маалда мен болгону акыйкатчы катары өз милдетимди, тагыраагы - тийиштүү органдарга аны мөөнөтүнөн эрте бошотуу жөнүндө каттарды жөнөткөм. Мен муну Азиз Батукаевге «ак кан» диагнозу коюлгандан кийин кылдым да, анткени, Адам укугу конвенциясынын 66-беренесинде айыккыс ооруга чалдыккан соттолгон киши бошотулуп, туугандарына чыгарылып бериши керектиги айтылат.

Муну менен бирге мурдагы акыйкатчы Батукаев менен Нарындагы түрмөдө абактагылар менен жолугушуу алкагында кезиккенин кошумчалады.

Акун аны жаманатты кылган бул сөздөрдү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чыгарып жатат деген ойдо.

- Бул ошолордун кылган иши, - дейт ал. - Мен Атамбаевди сындап, Батукаевди бошоткон ошол экенин айтканымдан кийин Данияр Нарымбаев менен Улукбек Бабакулов мени кримтөбөлдөн акча алган деп башташты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх