Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда партияларга «көчөдөн келген» адамдарды президенттикке талапкер катары көрсөтүүгө уруксат берилиши мүмкүн

Депутат Бакыт Төрөбаев тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

Депутат Бакыт Төрөбаевдин президенттик орунга партиялар тарабынан саясий бирикмелерге кирбеген талапкерлерди сунуштай алаары жөнүндөгү идеясы Кыргызстандын саясий абалына жакшы таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай пикирди Vesti.kg сайтына көз карандысыз талдоочу Марс Сариев билдирди.

- Бул демилге харизмалуу инсандар үчүн саясий аренага келүүгө жол ачат, - дейт саясат таануучу. Мындай мисалдарды Украина менен Армениядан көрүүдөбүз - бул жарандык коомчулук үчүн терезе. Кыргызстанда партияга кирбеген, бирок эл арасында бедели жогору инсандар бар. Дароо Чынара Жакыпова же Муратбек Иманалиевди эске алса болот. Булар саясатка аралашпаган чыныгы профессионалдар.

Ал ортодо башка талдоочу Марат Казакпаев депутаттын демилгеси боюнча кичине башкача пикирге ээ экенин билдирди.

- Эгерде, партиялар мындай нерсени колдонуп баштаса, шайлоочулар чаташып калышы мүмкүн, деди ал Vesti.kg сайтына. - Анткени, саясий бирикменин дээрлик бардык аракеттери өз талапкерлерин шайлоолорго чыгарууга багытталган да. Аларга сырттан келген кишинин эмне кереги бар түшүнүксүз. Биз айрым бир партия башка өнөктөш партиянын кандидатын колдоого алганын көрүп жүрөбүз.

Тактай кетсек, депутат Бакыт Төрөбаев «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун өз версиясын коомдук талкууга койгон.

Мыйзам долбоорунда эл өкүлү башка сунуштардан сырткары,  саясий партия президенттик орунга, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары бул саясий партиянын мүчөсү болбогон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтө алаары туурасында жобону киргизүүнү сунуштаган. Бирок, бул жаран, башка саясий биримдиктердин дагы мүчөсү болбоого тийиш.  



Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх