Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Бакыт Төрөбаев сөз эркиндигин чектегиси келдиби?

Адиль Турдукулов парламент өкүлү сунуштап жаткан мыйзам долбоорун сынга алды

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин мамлекеттик гана ЖМКлар аркылуу жүргүзүү туурасындагы мыйзам ченемди түздөн түз сөз эркиндигин чектөө аракети деп түшүнсө болот. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына жарандык активист Адиль Турдукулов билдирди.

Тактай кетсек, депутат Бакыт Төрөбаев «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон эле.


Эл өкүлү сунуштаган жоболордун арасында шайлоо алдындагы үгүт иштерин «Түзүүчүлөрү (ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же болбосо аларга караштуу мекемелер болгон жана толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган гана Мамлекеттик телерадио уюмдар, мезгилдүү басма сөз каражаттар жана интернет-басылмалар» аркылуу гана жүргүзүүгө болоору да айтылган.

Бирок, бул ченем менен кошо Төрөбаев кийинки ченемди да демилгелейт: «конституциялык Мыйзамга сунушталып жаткан долбоордо шайлоо өнөктүгүндө шайлоочуларды кабарландыруу үчүн басымдуу орун республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланчу телерадио уюмдар, басма сөз каражаттар жана интернет-басылмаларга берилет».

Азыркы учурда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө талапкерлер менен саясий партиялардын финансылык мүмкүнчүлүктөрү чоң роль ойноп жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле талапкерлер менен саясий партиялардын теңчилигин камсыздоо үчүн «Жеке менчик формасындагы телерадио уюмдар, мезгилүү басма сөз каражаттарында жана интернет басылмаларда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү» туурасындагы 24-1 беренеси менен толуктоо сунушталган.

Талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар менен «менчиктин жеке формасындагы телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысынын, мезгилдүү басма сөз каражаттарында акысыз басма аянтынын жана интернет-басылмаларда акысыз электрондук аянттын берилишине укуктуу».

- Бул фракция лидерине эч бир жарашпаган акылга сыйгыс демилге, - дейт Турдукулов. - Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ченемдеринин биринчиси ЖМКын шайлоо иштерин чагылдырууга чектөөгө багытталган болуп жатат. Жарандар толук маалымат алууга укуктуу, анын үстүнө бизде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына ишеним аз.
Активист мыйзамга шайлоо өнөктүгүн бир ай эмес, андан көп убакытты жүргүзүү мүмкүндүгүн кошуу маанилүүрөк экен экенин кошумчалады.

- Шайлоо өнөктүгүн Америкадагыдай жарым жыл мурда баштоого болсо жакшы болмок, - деп сунуштады ал. - Бул бюджетке салык төлөшкөн ЖМКна мыйзамдуу негизде төлөөгө мүмкүндүк бермек.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх