Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Зордуктоого айыпталган» КСДПнын мүчөсү милицияга арыз менен кайрылды

Партияда анын жубайына буга чейин да коркутуулар болгонун айтышты

КСДП партиясынын мүчөсү Эрмек Окенов Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне аны зордуктоого тиешеси бар деп, кармоого аракеттер болгон деген сөздөргө байланыштуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «социал-демократтардын» расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Кечээ Океновдун үйүнө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мылтык менен келишип, «зордуктоо аракети үчүн» кармайлык дешкен экен, - деп тактады ал. - Эрмек үйдө жок болгон. Ал уулу менен Ысык-Көлгө кеткен болчу. Бишкекте анын жубайы эмчектеги баласы менен калган. Аны кармоого келгендер өздөрүн ИИМнин 10-башкармалыгынын кызматкерлери деп тааныштырышкан. Аймактык милиция кызматкери да болгон. Кийин алар Океновду зордуктоо аракети эле эмес мушташууга катышкан деп дагы айыпташкан.

Жолдубаеванын айтымында Окенов бул тууралуу уккандан кийин КСДП партиясынын башка мүчөлөрүнө телефон чалып, алар аны тосуп алууну чечишкен.

- Биз бул айыптарды кимдир-бирөөнүн чагымы катары гана баалоодобуз - дейт ал. Океновдун да, бардыгыбыздын да артыбыздан аңдуулар болгон. Анын үйүнүн жанында табышмактуу унаалар көп туруп калчу. Бир жолу болсо анын жубайынын авто унаасын бейтааныш адамдар жолдун чекесине кысышып, коркутууга аракет да жасашкан. КСДПнын активдүү мүчөлөрүнө ушинтип үй-бүлөсү аркылуу басым жасашат. Арызды Эрмек Окенов кечээ жазды. Ал бир күндүн ичинде катталышы керек, эртең көрө жатаарбыз.

Ал ортодо Бишкек шаардык ИИБси кечээ Океновго тартип коргоо органдарынын кызматчылары келгендигин, ошондой эле анын дарегине айтылган айыптарды дагы четке какты.

«Мындан сырткары, эч ким аталган факт боюнча «102» кызматы менен ички иштер органдарына кайрылган эмес, - деп милицияда белгилешти. - Бул түшүнүксүз окуя болуп отурат, анткени, бул жерде чагымчыл аракеттердин белгиси бар. Келип түшкөн сигнал боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүгө шаардык милициянын күчтөрү менен каражаттары колдонулган, бирок, Окенов жана анын тарапташтары көрсөткөн фактылар тастыкталган жок».


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх