Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы генпрокурор: Өз учурунда мен Халмурзаевди орун басар кылып дайындагам. Ал чыныгы профессионал

 

Киши колдуу болуп каза болгон Анарбай Мамажакыповдун ордуна дайындалган Баткен жаңы прокурор тууралуу кандай пикирлер айтылууда?

Абдибакыт Халмурзаев - өз ишинин чыныгы профессионалы. Баткен облусуна жаңы прокурордун дайындалышы боюнча мындай пикирин Vesti.kg сайтына КРнын мурдагы генералдык прокурору Азимбек Бекназаров билдирди.

- Мен Абдибакыт Халмурзаев менен таанышмын, - деди Азимбек Анаркулович. - Ал жаңы милдеттерин алып кетет деп ишенем. Өз учурунда мен аны генералдык прокурордун орун басары кылып дайындаган элем. Ал юрфакты аяктаган жана прокуратурада көп убакыттан бери иштейт. Ага ийгилик гана каалап кетмекчимин.

Тактай кетсек, көзөмөл органынын башчысы Өткүрбек Жамшитов Абдибакыт Халмурзаевди Баткен облусунун прокурору кылып дайындаган буйрукка кол койгон. Ал мурда Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 2018-жылдын 18-ноябрында Баткен шаарынан анча алыс эмес жердеги капчыгайлардын биринен табылган. Кылмышка шектүү катары маркум менен кошо тоого аңчылыкка чыккан Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган, ал ага коюлган күнөөнү мойнуна албайт.

Белгилей кетсек, 7-майда Ош шаардык соту Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталган.

Vesti.kg кийин Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу тергөө 18-майга чейин уланганын маалымдаган.



Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх