Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Дамир Мусакеев мүлкүн ачык көрсөтүп Райым Матраимовго «кезек өткөрүп» берди

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысынын кылмыш ишине байланыштуу түзүлгөн абалда таң каларлык эч нерсе жокпу?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге байланышкан абалда өзгөчө эч нерсе жок. Мындай пикирди УКМКнын экономикалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы жана саясатчы Максат Мамытканов билдирди.


- Ал президент Алмазбек Атамбаев менен келген, ага чейин эч жерде кызмат өтөгөн эмес, бирок дароо полковник чинин алып, генералдык кызматты ээлеп калган, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Ал жана башкалар дароо батир алышкан. Мына ушундай учурлар анан армияны бузат да.


Мамыткановдун пикиринде, бул иш боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарындагы азыркы билдирүүлөр - саясий күчтөрдүн ортосундагы маалыматтык тирештин бир бурчу гана. Башкы прокуратура мыйзам бузууларды көрсөтсө, ал эми жансакчы , албетте, өзүн актоонун амалдарын издеп жатат, деп тактай кетти ал.
-Тергөө изилдеп, далилдерди тапсын, - дейт УКМКнын башкармалыгынын мурдагы башчысы. - Аларды кийин сотко көрсөткөндө анан белгилүү болот. Азыр бир нерсе айтууга али эрте, тергөө даражасындагы нерселер абдан көп.

ИИМнин мурдагы кызматкери, саясатчы Токтогул Какчекеев тергөө гана чындыктын анык жүзүн ача алаарына кошулат. Ал Vesti.kg сайтына айткандай, адам өзүнүн кирешелеринен кымбат турган бир нерсе сатып алууга укугу жок деп эч бир мыйзамда жазылган эмес, балким ал ат жарышта утуп алгандыр?


- Албетте, бул саясий иш, - дейт талдоочу. - Алмазбек Атамбаевге анын жансакчысы аркылуу жетүү үчүн. Көмүскө күрөш жүрүп жатканы айдан ачык. Бирок, бизде Мусакеевдин мүлкү тууралуу толук маалыматка ээ Мампрокуратура, сот, УКМК бар. Текшерүүдө бардыгы ачыкталсын.


Какчекеев УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы журналисттерге өзүнүн жана туугандарынын мүлкүн ачык көрсөтүп, башкысы Райымбек Матраимовго «кезек өткөрүп» берип эң туура кылганын белгилейт.
- Мамлекеттик органдын каалаган башчысын карагыла, кимдин кирешеси расмий айтылганга төп келет экен? - деп суроо салды ал. - Мен ошондуктан мыйзамга гана ишенем.

2019-жылдын 7-майында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган…

Бир нече күн мурда Башкы прокуратура ал Бишкектен, Чүй облусунан жана Ысык-Көлдүн курорттук аймактарынан жалпы баасы 20 млн сомдон ашык болгон жер тилкелерин жана үйлөрдү сатып алып, аларды туугандарынын атына каттатып койгонун билдирген. Буларды ал мамлекеттик күзөттө иштеп турган дал 2010-2017 жылдар аралыгында алганы белгилүү. КРнын УКМКсынын 9-кызматынын эсеп маалыматтарына жана башка алдын ала документтерге ылайык, бул кыймылсыз мүлктөрдүн наркы Мусакеевдин расмий кирешесинен эле эмес анын бардык жакын туугандарынын дагы кирешесинен бир нече эсе кымбат», - деп айтылат билдирдүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, 2019-жылдын 7-февралында Первомай райондук соту аны өлкөдөн чыгышына тыюу салган чечимди кабыл алган.

Анда сөз анын кесиптештеринин кызыкчылыгы үчүн өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы туурасында жүрүп жаткан.

«КРнын Турак-жай кодексин одоно бузуп, жалпы кезекти эсепке албайт, кызматтык турак-жай алуу үчүн көптөн бери кезектин биринчи саптарында турган башка кызматчылардын укугун бузуу менен жогоруда айтылган кезектин акыркы орундарында тургандарга батирлерди мыйзамсыз негизде бөлүштүргөн, - деп Башкы прокуратурада эскертишти. - Соттун чечими менен ал өлкөдөн чыкпай тургандыгын убадалаган тилкаттын негизинде бошотулган».
КСДП кылмыш иши саясий өңүттө экенин билдиришти.

«Батирлер кызматтык жана алардын бири да менчикке берилген эмес, - деп белгилешет алар. Демек, мамлекет мындан эч кандай чыгым тарткан жок. Экс-президенттин тегерегиндегилерди «тазалоо», Алмазбек Атамбаевди сатып кетпегендердин бардыгын баш көтөртпөө буйругу ишке ашып жатканын бардыгы эле түшүнүп турат».
Дамир Мусакеев да өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин анык себеби - анын КСДПНын лидерине берилгендигинде деп ишенет. 10-майда ал журналисттерге өзү жана жакын туугандары расмий ээлик кылган батир жана жер тилкелерин ачык көрсөткөн.
Тизмеге: Новопавловка айылындагы (Тынчтык жаңы конушу), Маевка айылындагы (Биримдик жаңы конушу) салынып бүтө элек үй, Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилке жана мамлекеттин баласында турган Бишкектеги батир кирген.

Мусакеевдин айтымында үч жер тилкеси тең анын атасына катталган. Мусакеев азыр кызматта турганда алган батирде жашайт.
«Мага, ата-энеме жана жакын туугандарыма катталган бардык мүлк ашып кетсе 5-6 млнго жетет,-дейт ал. - Алардын ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүү болгону 500-600 миң сомдук мүлк бар. Башкы прокуратура айтып жаткан мүлкүм болгондо мен 2016-жылга чейин жубайым, үч балам менен УКМКнын бир бөлмөлүк жатакасында тыгылып жашайт белем?».

УКМКнын 9-кызматында иштегендерге батир бөлүп бергендиги боюнча Мусакеев кимге батир берилээрин комиссия чечкендигин, ошондо турак-жай алгандар азыркыга чейин УКМКда иштээрин белгиледи:
«Мен абийири таза аскермин жана коррупционерлерди дайым жек көрчүмүн. Эч бир калп айтып, бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган эмесмин. «Ак үй» мени айыптоо үчүн эмне ойлоп табууну билбей калышты. Эптеп Атамбаев менен калгандардын бардыгынын бетине көө жабуунун айласы.

Мурдагы президентти УКМКнын 9-кызматы кайтарат, ал болсо Алмазбек Атамбаевдин тарапташы жана жеке жансакчысы экс-өлкө башчынын үйүнө, жумушуна «ички маалыматтын сыртка чыгып кетпеши үчүн тескери күчтөрдүн кирбешин» тыкыр көзөмөлдөйт.Мусакеевдин ою боюнча, ага карата көрүлүп жаткан басымдын себеби мына ушунда.
«Балким, ушул себептен алардын мени Атамбаевден алыстатуу ойлору бар», - деп божомолдоду 9-кызматтын мурдагы башчысы.

Муну менен бирге ал өзүнүн таза атын коргоо менен эле чектелбестен «азыркы мыйзамсыздык менен башаламандыкты» уюштургандардын бардыгын жоопкерчиликке тартууга болгон аракетин кылаарын убадалады.
«Акыркы жылда мен көптү көрдүм. Бийлик менен тартип коргоо органдарындагы бардык чириктер тамыры менен жок кылынышы керектигин түшүндүм», -деп билдирди Мусакеев.

Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан 2018-жылдын 4-апрелинде «берилген арызына ылайык» кеткен. Ал дароо КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин командасына кошулган.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх