Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дамир Мусакеев: Мени килейген хан сарайларды 2-3 жылда эле салып алган аткаминерлер менен алмаштырбагыла

 УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы анын үй-бүлөсү айыл жергесиндеги байлардын катарына да кирбесин билдирди

Башкы прокуратурадагылар айыл жергесинде элдер айлык акыга жашабасын, арзан бир мүлк сатып алыш үчүн сөзсүз эле пара алуу керек эместигин билишпесе керек, - деп Дамир Мусакеев Башкы прокуратуранын анын «мыйзамсыз байыгандыгы» тууралуу билдирүүсүнө өз пикирин билдирди. - Буйрук бергендер бар экенин жана башкы прокуратура менин «мүлкүмө» байланыштуу жалааларын өз эрки менен таратпаганы мен, албетте түшүнөм.

«Менин ата-энем 40 жыл бою картошка, өрүк жана мал багып эки арзан батирге, жөнөкөй жаңы конуштардагы  3 жер тилкеге жеткидей акча таап, өз колдору менен чакан дүкөн салышкан. Апам өмүр бою соода-сатык менен алектенген. Биз, төрт эркек бир тууган дайыма талаа жумуштарында иштечүбүз.

Биз ата-энебиз менен жылына өзүбүзгө тишелелүү, ошондой эле ижарага алган 7-8 гектар жерди иштетебиз. Бирок, башкы прокуратура бул тууралуу үндөгөн жок.

Биздин айылда алда канча көп мүлккө ээ болгон жөнөкөй дыйкандар бар. Акыркы жылдары жакшы көтөрүлгөн айыл тургундары башка аймактарда дагы четинен чыгат. Өз чарбачылыгын өнүктүрүп, техника сатып алышат, чоң-чоң тамдарды салып, акчасын мүлккө, анын ичинде Бишкектен да турак-жай алууга салышат. Азыркы эсеп менен алсак, биздин үй-бүлө айылдагы байлардын да катарына кирбейт. Көп каражат балдардын билимине жумшалды.

Мен буга чейин да айткандай, менин, ата-энемдин жана бир туугандарымдын бардык мүлкүн биз 5-6 млн сомго, башкача айтканда эң көп дегенде 90 миң долларга баалайбыз. Ал эми, менин башка тууганымдын мүлкүн, башкы прокуратурага мага чаптабасын.

Мен жана бир туугандарыма окшоп кенедей үйлөрүбүздү 10 жылдап эмес, килейген хан сарайларын болгону 2-3 жылда салып бүткөн коррупциялага чыланган аткаминерлер менен, ошонун ичинде тартип коргоо кызматындагылар менен мени алмаштырышпасын.», – деди Мусакеев.

 

КСДПнын басма сөз кызматы

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх