Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ШИИБнин мурдагы башчысы кайгуул милициясына кызматкерлерди тандоо ачык- айкын өтөөрүнө көзү жетпейт

Туратбек Мадылбеков адамдык фактордон эч жакка качуу мүмкүн эмес деген пикирде

Жаңы Кайгуул милиция кызматына кызматкерлер ачык- айкын тандалаарына ишениш кыйын, анткени, адамдык фактор дайыма кала берет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБнин экс- башчысы, ЖКнын мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков билдирди.

- Кыргызстанда буга чейин да мамлекеттик органдар бир катар кайра түзүлүүгө дуушар болуп келген, Финполицияны ЭККМКга өзгөрткөндөрүн эле алалык, - дейт ал. - Анда да жаңы түзүмгө кесипкөй гана кадрлар келээрин айтышкан, иш жүзүндө болсо тажрыйбалуу тергөөчүлөрдүн көбү ишсиз калып, кызматка жаңылар келген эле. Ошол убакытта Финполицияда иштеген тааныштар мага алардын кол астында иштеген кызматчылары чоңдоруна караганда көп баллга ээ болушканын айтышкан эле. Бирок, сурай келгенде жаш тергөөчүлөр суроолорго жооп бере алчу эмес.

Туратбек Мадылбекович мындайда адамдык фактор абдан чоң ролду ойноорун жана жумушка «чалуу аркылуу» орношууну каалагандар четтен чыгаары айтпаса да түшүнүктүү.

- Бизде кызмат орунду тааныш-тунуш аркылуу табуу жолу абдан жайылган да, - деди ал. - Комиссиянын мүчөлөрү кайсы-бир талапкерге жан тартпай кое алат деп айтуу кыйын. Анын үстүнө, был кызматта эмгек акы да көбүрөөк болору айтылбадыбы, андыктан бул жакка жумушка орношууну каалагандар өтө көп болот.

Тактай кетсек, кечээ Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жаңы Кайгуул милициясы кызматында иштөөнү каалагандарга сынактык негизде тандоо жүргүзүлөөрүн жарыялаган. Бул тууралуу пресс-конференцияда ИИМнин жол коопсуздугун камсыздоочу органды реформалоо максатында түзүлгөн эксперттик топтун башчысы Тамерлан Ибраимовбилдирди.
Ибраимовдун айтымында Кайгуул милициясынын кызматкерлери ЖКККББда кызмат өтөгөндөргө караганда эки эсе көп айлык алат.

«Сынак ачык-айкын өтөт, - деп ишендирди ал. - 14 адамдан турган сынактык комиссия түзүлдү, алардын 8 - жарандык коомдун өкүлдөрү. Коомчулукта ишенбестик курч экендигин түшүнүп турам, бирок бардык талапкерлер жалпы сабаттуулук жана дене тарбия боюнча дагы тес тапшырышат. «Сүйлөшүп коюу», жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөр болбойт».

Кайгуул милиция кызматын түзүү долбоорун ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сомдон ашык каражат бөлүнмөкчү. Бул акчага автоунаалар, компьютер жана атайын каражаттар алынаары айтылды.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх