Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Экс-президент Атаханов ага Батукаев тууралуу сүйлөшүү үчүн баргандыгын тастыктай алат»

Феликс Кулов мурдагы вице-премьер туурасында жаман сүйлөбөгөнүн болгону Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн сөзүн жарыялаганын түшүндүрдү

Мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу туурасында кеңешкенин Феликс Кулов Атамбаевдин өзүнүн оозунан уккан. Бул тууралу саясатчы өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бир нече күн мурда мен бир гезитке уюшкан кылмыштуу топтор туурасында маек берген элем, - дейт Кулов. -Журналист Батукаевдин бошотулушу жөнүндө дагы суроо узатып, бул иште Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болгондугу сыяктуу ар кандай айың кептердин бардыгын билдиришти. Мен бул иш боюнча эч кандай расмий маалыматым жок экендигин, бирок, ал бошотулгандан кийин Атамбаев менен кезиккенимди, ал бул тема жөнүндө сөздү өзү баштаганын айттым. Мен ага анда: «Болоор иш болду, кечириңиз» дегем.


Феликс Шаршенбаевичтин айтымында, экс-президентке Шамиль Атаханов келип, Батукаевди бошотуш керек деген.

- Атаханов буга бир нече себептер бар деп, Батукаевдин эч кимди өлтүрбөгөнүн, бул сот тарабынан тастыкталган, анын ооруп жатканын жана канча-бир мөөнөтүн ал буга чейин өтөп койгонун эскерткен. Буга Атамбаев: «Эгерде сизде бардык жүйөлүү далилдериңиз болсо, анда туура деп ойлогондой кылыңыз», - деп жооп берген. Мындан башка мен ЖМКна эч нерсе айткан эмесмин. Бул экс-президенттин сөзү болгон, мен ал бул айткандарынан кайтпайт деп 100 пайызга айта алам. Мыйзам аны суракка алууга жол бербегени башка сөз. Бирок, тергөөчү мурдагы өлкө башчыдан өтүнүшү мүмкүн. Эгер ал кааласа, чынында эмне болгонун айтып бере алат.

Кулов азыркы бийлик менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатпаганын жана канча жыл бою саясатта жүрсө азыр деле андан кетпегенин кошумчалады.

- Батукаев жөнүндө айтканым мага кандайдыр-бир саясий упай берген жок, сөздөрүмдөн баш тартпайм, - деди ал.

Тактай кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов 24.kg сайты менен маек куруп, анда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушуна эч кандай тиешем жок деп так кесе ишендирген.

-Куловдун айткандарын сөзмө сөз келтирсем «Анда Атамбаев Атахановго: эгерде бардыгы мыйзам ченинде болсо, анда өзүңүз чечиңиз», - деген Атаханов маегинде. - Бул жонглердук иште көлөкө түшүрүү кара ниетинен башка эч нерсе жок. «Мыйзам чегинде бардыгын чечкиле» деген Атамбаевге эч кандай сын жок.
Сөздүн ортосунда болсо Атаханов өз колу менен алып, бошотуп койгон деп кыйытылып атат. Сөз эшигин ачып, асманга учуруп жибергидей капастагы көгүчкөн жөнүндө болуп жаткан жок да. Бул жерде абакта жаткан криминалдык төбөл маселе болуп жатат.
Мыйзамга ылайык, ондогон мекемелерди кыдырып, нечендеген татаал жол-жоболорду өтүш керек: соттор, прокуратура, медицина, түрмө… Бул жерде вице-премьерге орун көрүнүп атабы? Анын колу кайсы чечим менен буйруктарда турат? Далилдер кана? Алар жок жана болушу да мүмкүн эмес.
Кулов өзү мунун бардыгын жакшы билет. Кейпи анда азыр жаңы саясий соодалашуулардын маалы болуп, чындыкты карап отурчу чамасы жок го.
Вице-премьер-министр кызматын аркалаган 2013-жылдын февралынан июнь айына чейин мен өлкө башчысынын кабыл алуусунда болгон эмесмин».

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх