Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Депутат - министрдин орун басарына: «Мен Манастын тилинде суроо узатсам, сиз мага Пушкиндикинде жооп берип жатасыз»

Рыскелди Момбеков аткаминердин ага орус тилинде жооп берип жатканын сындады

Кыргызстанда чыккан «Манас», «Семетей», «Сейтек» коньяктарынын аталышы мыйзамдуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- Силердин мыйзамыңар чийки, - деп жооп кайтарды Момбеков. - Эмнеге тыюу салып жатканыңар белгисиз. Анын үстүнө «Манас эпосу жөнүндө» мыйзам сакталбай жатат. Спирттик ичимдиктер баатырлардын атын алып жүрөт.

Депутатты министрдин орун басарынын ага орусча жооп берип жатканы да ачуулантты.

- Мен Манастын тили менен суроо берсем, сиз мага Пушкиндики менен жооп берип жатасыз, - деди Рыскелди Чыныбекович.

Абакиров өз кезегинде өндүрүүчү компаниялар азыркы маалда «Манас», «Семетей», «Сейтек» аталышы менен коньяк чыгарууга укуктуу экенин түшүндүрүп өттү.

- Бир жыл мурда бул боюнча комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында бул аталыштарды 10 жылга чейин колдонууга уруксат берүү чечими кабыл алынган, - деди ал. -Эгерде азыр тыюу салсак, анда компанияларга кенемте төлөп беришибиз керек болуп калат.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх