Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Исмаилова: Өкмөт дарыгерлердин айлыгы алда канча көбөйдү деп көз көрүнөө алдап жатат

Депутат министрлер кабинети ата мекендик медицинаны атайлап кыйратууда дейт

Өкмөт дарыгерлердин айлык акылары алда канча көтөрүлгөндүгүн айтып, элди көз көрүнөө алдап жатат. Мындай оюн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Аида Исмаилова билдирди.
- Бизге жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында дарыгерлердин маянасы 30 миңге чейин жетип калды деп жатышат, - дейт ал. Бирок, бул чындыкка жатпайт. Айлык акы негизи ошол эле деңгээлде калды. Өкмөт медициналык мекемелерди кайра түзүп чыгуу боюнча дайны жок реформаларды жасап, акырында саламаттыкты сактоо кызматчыларынын эмгек акысы ресторанда бир отуруп тамактанып чыккандай акчага бааланып калды.

Исмаилова министрлер кабинетине реформаны ишке ашыруудан алдын анын экономикалык негиздемесин жасаш керектигин эскерткенин баса белгиледи.

- Премьер менен вице-премьер мага бардыгы жайында, реформа оң жыйынтыктарга гана алып келээрин айтышты эле, - дейт эл өкүлү. - Эми таланттуу жана тажрыйбалуу дарыгерлер өлкөдөн кетип жатат. Өкмөт ата мекендик медицинаны атайлап жок кылууну көздөп жаткандай туюлат. Бул улут үчүн чоң коркунуч.


Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх