Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы «КТ Мобайлдын» директорунун орун басарлыгынан четтетилди

Өкмөттө премьер Иманкадыр уулу Эрназар бул кызматты ээлеп тургандыгын билчү эмес деп белгилешти

Өкмөт Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын мурдагы төрагасы Иманкадыр Рысалиев Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экенин ырастады. Бирок, анын уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ЖЧКсыны директорунун орун басары кызматын аркалап тургандыгы боюнча буга чейин маалымат жок болчу. Буга байланыштуу ал кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

- Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүнө байланышкан маселени жана анын уюштурулуш түзүмүнүн да натыйжалуулугун текшерүүнү тапшырды, деди ал. «КТ Мобайл» 2003-жылы Улуттук уюлдук байланыш оператору - «Кыргызтелеком» ААКнын карамагында негизделген. Ошол эле жылы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү үчүн жыштык жана лицензияга ээ болгон. 2018-жылы ачык аукцион өткөрүп, өлкөдөгү алдыңкы уюлдук компания менен бирдикте ишке ашырылчу долбоор аркылуу компаниянын ишмердүүлүгүн баштоо чечими кабыл алынган. Бул чечим премьер-министр тарабынан колдоого алынган. Буга байланыштуу мыйзам шарттарын толук сактоо менен бардык керектүү иш-чаралар көрүлгөн.

Муну менен бирге премьердин басма сөз катчысы Иманкадыр Рысалиев Мухаммедкалый Абылгазиевге бажасы экендигин ырастады.

- Биз «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун секретариатынын төрагасы Иманкадыр Рысалиев премьер-министрге бажа экенин ырастайбыз, - деп улантты Султаналиев. - Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экенин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Мындай жагдайды өкмөт башчысы Иманкадыр уулу Эрназар өз кызматынан кетиши керек деп эсептеди. Абылгазиев мамлекеттик ишмердүүлүк менен туугандык мамилелер сыйышпас түшүнүктөр деп ишенет. Муну анын туугандары менен достору жакшы билет. Белгилей кетчү жагдай, кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттары менен колдонуу жана кызматкерлерине айлык акыларынын өлчөмүн чегерүүгө байланышкан бардык маселелер компаниянын өзү жана ага ээлик кылган «Кыргызтелеком» ААКсы тарабынан жөнгө салынат.
Басма сөз катчы премьер-министр компаниянын кызматчыларынын ири көлөмдөгү маяналарына байланыштуу чыккан кызуу коомдук талкууларды эске алып, бул боюнча тыкыр текшерүү өткөрүүнү тапшырганын кошумчалады.

- Ошол эле маалда премьер-министр компаниянын алдында телекоммуникациялык чөйрөдө мамлекеттин жана калктын гана кызыкчылыктарын көздөө маселелердин майнаптуу жүзөгө ашырылышы өтө маанилүү деп эсептээрин Султаналиев айтып өттү. - Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен аткарылчу бул иш ачык айкын шарттарда өтүшү керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилери менен кызматчыларынын ири өлчөмдөгү айлык акылары тууралуу маалымат тарап кеткен. Анда генералдык директор Нурбек Мукамбетовдун айына 350 миң сом, гендиректордун орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, ал эми компаниянын техникалык директору Николай Дмитриенконун 290 миң сом маяна алаары айтылган.

Көп өтпөй «Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Vesti.kg сайтына «КТ Мобайл» интернетте тараган маалыматты четке кагып жатканын билдирген.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх