Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Алмамбет Шыкмаматов: Депутаттарда жок дресс-код эмнеге журналисттерде болуш керек?

Парламент өкүлдөрү Дастан Бекешевдин мамлекеттик мекемелерге келген ЖМК өкүлдөрүнүн кийим-кечесине коюлган талаптарды жеңилдетүү демилгесине колдоо көрсөтүшүүдө

Жогорку Кеңешке кирип жаткандардын кийимине коюлган катуу талаптарды журналисттерден алып салыш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Алмамбек Шыкмаматов кесиптеши Дастан Бекешевдин мамлекеттик мекемелерге кирүүдө ЖМК өкүлдөрүнүн кийим-кечесине коюлган талаптарды жеңилдетүү демилгеси боюнча өз пикирин Vesti.kg сайтына билдирүүдө ачыктады.

- Мен бул демилгени колдойм, - деди эл өкүлү. - Мен мамлекеттик мекемелерге келген журналисттерге дресс-код талабын жоюуну мурдатан колдоп келген. ЖМК кызматкерлерини иши ошондой, алар күнүнө 5 жолу үйүнө барып, парламентке кирип, керектүү маалымат алуу үчүн гана кийимин которо албайт да. Бул өз кезегинде журналисттердин өзүнө эле эмес биринчи колдон анык маалыматтарды алгысы келген жарандарга да кандайдыр-бир ыңгайсыздык туудурат. Журналисттер ЖКга кире албай, биздин аларга чыгуубузду суранышкан учурлар көп болот. Депутаттарга катуу дресс-код жок. А эмнеге журналисттерге болушу керек? Парламентке келген башка жарандарга дресс-коду болушу керек дегенге кошулам. Бирок, журналисттерден бул талапты алып салыш керек.

Башка парламент өкүлү Аида Исмаилова да кесиптешинин демилгесин колдоого алды.

- Кесиптешимди колдойм, - деди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Журналисттер ар кыл жерде иштешет. Парктарда, курулуш жүрүп жаткан жерлерде өз кызматын аткарып, ошол кийимчен Жогорку Кеңешке келүүлөрү мүмкүн. Алар бир күндө бир нече жолу кийимин алмаштыра албайт да. Биз журналисттерди туура түшүнүшүбүз керек. Алардын жумушу - ар кандай окуя болуп жаткан аймактарда жүрүү. Журналисттерге катуу дресс-код коюунун кереги жок. Таза, тыкан кийимчен болсо жетиштүү.

Ошондой эле Исмаилова айрым учурда тийиштүү кийим алууга мүмкүнчүлүгү жок болгон шайлоочуларга дагы дресс-кодду жоюу керек экендигин белгиледи.

- Бул эреже биздин шайлоочуларга да караштуу болушун каалайт элем, - деп улантты депутат. - Анткени, алардын көбү бизге өз көйгөйлөрү менен кайрылып жаткан аз камсыз үй-бүлөлөрдөн. Алар акча каражатынан тартыш катмардан. Аларды мамлекеттик мекемеге сөзсүз дресс-кодду сактап кийинип кел деген туура эмес. Мүмкүн алардын мындай кийими жок жана акчага сатып да ала албайт? Бизге элдер аймактардан да өзүлөрүнүн болгон кийим-кечесин кийип келишет. Алар анан Жогорку Кеңештин алдында кире албай турушат. Алардын мындан башка көйгөйү толуп атат. Мамлекет ансыз деле аларга жакшы шарт түзүп бере албай жатпайбы.

Тактай кетсек, ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө дресс-кодду жеңилдетүү сунушун көтөрүп чыккан. Эл өкүлү журналисттер мамлекеттик мекемелерге алар кийип келген кийим талаптарга жооп бербегени үчүн кире албай калган учурлар кездешээрин белгилеген. Мындай жагдай парламент өкүлүнүн пикиринде журналисттер менен кошо ЖМКнын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бериш үчүн аларга эшикке чыгууга туура келген парламенттегилерге да ыңгайсыздык жаратып келет.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх