Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиев ИИМге сурак берип жатып, абалы начарлап, жүрөгү кармаганын четке какты

Зарылбек Рысалиев ИИМге сурак берип жатып, абалы начарлап, жүрөгү кармаганын четке какты

Депутат Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында тергөөчү менен кезиккени тууралуу үн каткан жок

ИИМнин экс-башчысы, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Зарылбек Рысалиев ЖМКда тарап жаткан «тергөөчүнүн кабинетинде абалы начарлап кетиптир» деген маалыматты четке какты.

Басылмалар Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ИИМге сурак берип жаткан учурда Рысалиевдин жүрөгү кармаптыр деп жазып башташкан.

Парламент өкүлүнүн өзү Vesti.kg сайтына маек берип, ал азыр жумушунда иштеп жатканын жана бардыгы жайында экенин айтты.

- Мен жөнүндө мындай сөздөрдү жазып жаткан адамдарды эч түшүнбөйм. Сурак берчү бөлмөгө журналисттерди, башка адамдарды киргизбейт да. Мен бүгүн суракка барган жокмун, эртең менентен бери Жогорку Кеңеште жумушта отурам.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх