Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев «Ата Мекендин» юристтерине каршы берген доо арызы боюнча жеңилип калды

 Жогорку сот маалыматты төгүнгө чыгаруу жана экс-президенттин пайдасына өндүрүлгөн кенемтелер туурасындагы мурдагы чечимдерди мыйзамсыз деп тапты

Жогорку сот «Ата Мекендин» юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкуль Токтакунованы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтиришине байланышкан доо боюнча күнөөсүз деп тапты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Азиз өзү кабарлады.

- Бир-эки саат мурда Жогорку сот бизге карата кабыл алынган мурдагы бардык чечимдерди жокко чыгарган чечим кабыл алды, - деди ал. - Биз расмий түрдө төгүнгө чыгарганга жана материалдык компенсация төлөгөнгө эми милдеттүү эмес.

Буга чейин Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин мурдагы жактоочуларына экс-президентке 10 млн сом төлөп берип, алардын мурда пресс-конференцияда айткан маалыматтарын расмий түрдө төгүнгө чыгарышын милдеттендирген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын март айында Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин Дача-СУ айылынын жанында кыйраган Boeing-747 учагындагы жүккө тиешеси бар деген билдирүүсүн таратышкан.

Башкы прокурор «мамлекет башчысынын ар-намысын коргоо» максатында доо арыз берген. Октябрь райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттор доо арызды толугу менен канаттандырып, ар бир жоопкерден 10 млн сом өндүрүлсүн деп тапкан.

Ошондой эле Башкы прокуратура бул маалыматты ЖМКна жарыялагандарга каршы да доо арыз берип, жалпы жонунан 27 млн сом компенсация өндүрүүнү талап кылышкан. Бирок, кийин Атамбаев каары «жылып», Башкы прокуратура медиа өкүлдөрүнө каршы доо арыздарын айтка кайтарган.

2019-жылдын январь айында Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова Бишкек шаардык сотуна борбор калаанын Октябрь райондук сотунун чечимин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.

«Буга чейин Конституциялык палата башкы прокурор президенттин атынан ар-намысын коргоо үчүн сотко өкмөт башчысынын макулдугу менен гана кайрыла алаары жана моралдык зыяндын өлчөмүн президенттин өзү гана аныкташы керектиги, болбосо бул Конституцияга карама-каршы келээри жөнүндө чечим чыгарган, - дейт жактоочу. - Буга байланыштуу иште жаңы жагдай пайда болгон».
Мыйзамга ылайык, биринчи чечимди чыгарган Октябрь райондук соту процессти токтотуп турушу керек эле, бирок өтүнүч кат канааттандырылган эмес.

КРнын Жогорку сотунун алдындагы Конституциялык палата 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт» деген чечим чыгарган. Бул бүтүмгө ылайык «КРнын президентинин ишмердүүлүгүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 4-беренеси КРнын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх