Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызматтан алынган Абылгазиевдин тууганы: Ал менин жумушум жөнүндө чынында билбеген болушу мүмкүн. Биз бул туурасында сүйлөшкөн эмеспиз

 «КТ Мобайлдын» башчысынын мурдагы орун басары Иманкадыр уулу Эрназар жумушсуз калам деп коркпойт

Премьер-министрдин чечими менен Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» ЖЧКнун директорунун орун басары кызматынан алынды. Өкмөттө анын Профсоюздар Федерациясынын экс төрагасы Иманкадыр Рысалиевдин тууганы экенин ырасташты. Муну менен бирге өкмөттө ишендиришкендей, Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын уулу «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары экенин билген эмес.


Ал ортодо Vesti.kg Иманкадыр уулу Эрназарга кайрылып, бир нече суроолорго жооп берүүнү өтүндү.

Эрназар Иманкадырович, өкмөт бизге премьер-министрге сиздин атаңыз бажа болоорун ырасташты. Бирок, алар премьер сиздин «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары кызматын ээлеп турганыңызды билчү эместигин белгилешти. Мухаммедкалый Дүйшекеевич чынында эле сиздин кызматыңыз тууралуу билген эмеспи?

Мени жумушка компаниянын генералдык директору Нурбек Мукамбетов чакырган. Бул анын түздөн түз ыйгарым укугу. Менимче, директордун орун басарлыгына адамдарды бекитүү - премьер-министрдин деңгээли эмес. Менин ал жерде иштегенимди чын эле билбеген болушу мүмкүн. Мен иштеген убакыт аралыгында биз бул тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Өткөн жылдын октябрь айынан январга чейин мен расмий эмес, акысыз иштегем. Январь айынан тарта расмий киргем.

Сиздин компанияга байланышкан ызуу-чуу интернетте «КТ Мобайлдын» кызматчыларынын асман чапчыган айлык акылары тарагандан кийин башталды. Сиз мунун кантип түшүндүрө аласыз. Компаниянын кызматкерлери чынында кандай маяна алышчу эле?

Биз бул жалган маалыматты окуп, абдан таң калдык. Биздин мамлекетте чындыкка жатпаган маалыматты таратып, коомчулукту жаңылыш пикирге түртүшү мүмкүн деп ойлогон да эмеспиз. Бул айың сөздөрдү саясий, кара ниет кызыкчылыктарын көздөгөндөр эле таратса керек. Аларды патриот деп айтууга тил да бурулбайт. Ушунча эмгек менен аракет жумшалып, иштеп баштаган долбоорду туугандык байланыштар үчүн жок кылуу.. Эч кимди күнөөлөй албайм. Журналисттер менен депуттардын бизге бир тарап мамилесине дуушар болдук. Кыргызстан боюнча 350 миң сом деген айлык жок болсо керек. Ал эми Нурбек Мукамбетов болсо ушуга чейин бир да сом алган жок. Иденын автору ошол киши. Долбоор иштеп баштагыча директор айлык акы албайм деген.

Акыркы окуяларды эске алуу менен кызматтан алуу сиз үчүн күтүүсүз болгон жокпу?

Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Мени эмне үчүн кетиришти? Биз өкмөткө отчет жибергенбиз. Менин оюмча, саясий чечим кабыл алынды. Мен муну түшүнүп турам. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин позициясын да туура түшүнөм. Албетте, анын тууганы болуп туруп менин ошончо айлык акы алганыма эл кыжырданды. Апрелдин ортосунда биз долбоорду белгиленген мөөнөт - майда ишке бере албасыбызды түшүндүк. Буга байланыштуу, мен (прессага эмес) майдан баштап маяна албайм деген элем. Калган кызматчылар, коомчулукту кайра козгобош үчүн кызмат акысы сакталбаган өргүүгө кетүүнү чечишти. Белгилей кетсем, алар акысыз иштөөнү улантууга даяр экенин да билдиришкен.

«КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишпестик тууралуу эмне айта аласыз?

MegaCom башынан эле бардыгын жапжашынакай түшүнгөн. Азыр алардын кампасында биздин кызматкерлерге арналган 100 миң симкарталар жатат. Алар биз менен иштешкилери келбесе эмнеге буларды сатып алышты? Алар биздин долбоордун жүзөгө ашырылышына кызыкчылыктары жоктугун айтып жатышат. Январда биздин штатта 6 киши болгон. Милдеттердин көбөйүшү менен штат көбөйүп отуруп, азыр 26 кызматкер эмгектенүүдө. Бизде эч кандай иерархия жок болчу. Мисалы биздин гендиректор бир эле маалда коммерциялык директордун да милдетин аткарат. Техникалык директор дагы ага жүктөлгөн милдеттер көбөйүп кеткиче жалгыз иштеп жатты. Биз чыгымдарды болушунча азайтканга аракет кылчубуз, ошон үчүн бизде мындай кичинекей штат болчу. Мамлекеттик компания бардык тоскоолдуктарга карабастан пайдалуу боло алаарын көрсөткүбүз келген.

Мындан ары эмне менен алектенейин деген оюңуз бар?

Менин бул жумушка чейин бир нече долбоорлорум бар болчу, аларды убактылуу токтотууга туура келген. Эми аларга кайра киришем. Жумушсуз отуруп калбайм. Биз «адистерден үнөмдөөнүн кереги жок» деген көз карашты карманчубуз. Ишти жакшы алып кеткиң келеби - жакшы кадрларды чогулт. 300 долларга иштөөгө даяр үч адистин ордуна миң доллар төлөп, бир жакшы адисти алган оң. Бул тажрыйбалуу адамдардын ою, биз эч кимди «көчөдөн» алган жокпуз. Бул адамдар мурдагы жумушун таштап, андагы айлыктан аз акчага иштөөгө макул болуп келишкен. Стартап - дайыма кызыктуу.

Акырында Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайлдын» кызматкерлери жеке компьютерлери менен эмгектенишээрин белгиледи.

- Биз долбоордун болушунча тез ишке ашырылышына кызыкдарбыз, - деди ал. - Биздин чыгымдар минималдык. Биз эң төмөн акы менен чакан бөлмөлөрдү ижарага алабыз. Бардык кызматкерлер жеке компьютерлери менен иштешет. Бизге эч ким эч нерсе сатып берген эмес. Диспенсерди ал тургай өз акчабызга алабыз. Биз ЖКнын көчмө комиссиянын бардыгын көрүп-текшерүү үчүн чакырдык. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, жаңы тарифтер менен кызматтар пайда болуп, бардыгына ыңгайлуу болот деп ишенебиз.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх