Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков – күч органдарына: «Мен сага тийбейм - сен мага тийбе» деп отурганыңарды токтоткула!

 Президент коррупция менен жалгыз күрөшүүгө алы жетпесин мойнуна алды

Коррупция менен күрөш токтобойт, уланат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков кечээ Ысык-Көл облусундагы Түп районун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Бул күрөштө жалгыз президенттин алы жетпейт, - деп белгиледи өлкө башчы. - Менде эрк бар, президент катары бул күрөштүн башына мен туруп берем. Бирок, муну каалабагандар да бар. «Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей, чоң акырдан жем жеп көнүп калгандар, андан айрылып калгысы келбейт. Коррупция биз аны менен жапа тырмак күрөшкөндө гана жоголот. Коррупцияга аралашкан кайсы чоң болбосун, кандай бийлик бутагында отуруп, буга чейин кандай эмгек сиңирбесин  - сөзсүз жазага тартылат. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдары - силерге кайрылып жатам. «Мен сага тийбейм - сен мага тийбе» деп отура бербегиле. Коркпогула, коррупциянын каалаган көрүнүшү менен ачык күрөшкүлө. Антпесе, өлкөбүздүн, элибиздин келечегине жаман болот.

Жээнбеков белгилегендей, коррупция мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж адам менен мамлекеттик чиновник түздөн түз беттешкенде пайда болот. Муну жоюш үчүн мындай байланышты жок кылган система киргизилүүдө.

«Ошондо, биринчиден биз бюрократиядан арылабыз, ал эми экинчеден коррупция жоюлат, - деп белгиледи президент.

 

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх