Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сенден италиялык галстук кылып коебуз». ЖКнын экс-депутаты өзүнүн дарегине түшүп жаткан коркутуулар жөнүндө айтып чыкты (сүрөт)

Белгисиз киши КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мээрбек Мискенбаевге «тилим бар деп, ар нерсени сүйлөй бербе» деп коркуткан

ЖКнын экс-депутаты, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев социалдык тармак аркылуу анын телефонуна белгисиз номурдан коркутуулар келип жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн скриншотторун саясатчы өзүнүн Facebook баракчасында жарыялаган.

Алардан белгисиз кишинин Мискенбаевди «байкеси» жөнүндө жаман сүйлөбөшүн эскертип жатканын билүүгө болот.

«Мен билем, сен жаңы өсүп келе жаткан жакшы саясатчысың, бирок чектен ашып, биздин байкебиз жөнүндө ар кайсыны сүйлөбө, деп жазылган билдирүүдө. - Эгерде тилиңди тартпасаң, өзүңдөн көр, жаназаңа жылкы даярдай бер. Башкалар жөнүндө болсо бир жөн, саясат дейт элек. Бирок биздин байкебиз сенин атаң кылбаган жакшылыктарды кылган. Муну эл билет. тилиңди тартпасаң сенден италиялык галстук кылып коебуз. Биз сенин үй-бүлөң жөнүндө бардыгын билебиз. Бул акыркы кытай эскертүүсү болсун».

Нажмите чтобы увеличить изображение 60342759_1155269068007789_6305591626429366272_n.jpgНажмите чтобы увеличить изображение 60342759_1155269068007789_6305591626429366272_n.jpgНажмите чтобы увеличить изображение 60342759_1155269068007789_6305591626429366272_n.jpg


Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/61145-ernazar-imankadyr-uulu-moj-otets-ne-takoj-on-ne-mog-ugrozhat-seme-glavy-alfa-telekom.html - Эрназар Иманкадыр уулу: Мой отец не такой. Он не мог угрожать семье главы «Альфа Телеком» - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Саясатчы өзү бул билдирүүлөрдө сөз Райымбек Матраимов же Асылбек Жээнбеков жөнүндө болуп жатканын божомолдоду.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх