Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрназар Иманкадыр уулу: Менин атам андай эмес. Ал «Альфа Телекомдун» башчысын коркутпайт эле

Иманкадыр Рысалиевдин уулу Акылбек Жаманкуловдун телефондук коркутуулар туурасындагы билдирүүсүн четке кагат

Бүгүн парламентте «КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Ага чакырылгандардын бири - Акылбек Жамангулов, парламент өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн дарегине Иманкадыр Рысалиевдин - премьер-министрди бажасынан коркутуулар болгондугун билдирди.

Vesti.kg бул боюнча пикирин угуу үчүн Иманкадыр Рысалиевдин уулу, жакында эле «КТ Мобайлдагы» кызматынан алынган Эрназарга кайрылды

- Атам менен Акылбек Жамангулов кандай мамиледе болгонун мен билбейм, - деди Эрназар Иманкадыр уулу. - Бирок, менин атам бирөөнүн үй-бүлөсүн коркутчу адам эмес. Ооба, ал саясатчы. Бирок, атам мынчалыкка барбайт болчу. Эркектер минтип коркутпайт. Иманкадыр Рысалиев менин атам болгон үчүн, албетте ал менин кайда иштээримди билген. Ал бир ирет биздин долбоор качан иштеп баштаарын сураган. Мен майдан баштап ишке берүү ниетибиз бар дедим. Кийин ал эмнеге дале баштай элегибизди сураган. Мен MegaCom менен түшүнбөстүктөр келип чыкканын айткам. Атам бул абал жөнүндө үстүртөдөн эле кабары болчу.

Муну менен бирге Эрназар Иманкадырович, Мегакомдун жетекчиси долбоордун ишке бериш суммасын алда канча көтөрүп жибергенин белгилеп өттү.

- Акылбек Жамангуловдун «КТ Мобайлдын» ишке берилишине 86 млн доллар керек болчу деген билдирүүсү күлкүлүү, - деди ал. Анын сөздөрүнөн кийин «мындай чыгымдарды билип туруп, эмнеге анда катышкан?» деген суроо туулат. Аларга эс кандай пайда жок болсо, эмнеге алдын ала баарын ойлонушкан жок? Алардын сценарийи түп тамырынан туура эмес. Ага ишенсек анда ал айткан сумма эң кеминде үч эсеге көбөйтүлгөн. «Кыргызтелеком» 2016-жылы чыгымдарды эсептеп чыккан болчу. Биздин долбоордун жүзөгө ашырылышына 30 млн доллар керектелген. Биздин өзүбүздүн алгачкы сценарийибиз боюнча эч кандай ири чыгымдардын кереги жок болчу.

Эрназар Иманкадыр уулу оюн жыйынтыктап жатып, эмне үчүн парламенттегилер «Мегакомдун» башчысынын сөздөрүнө көңүл бөлүшпөй жатканына таң калганын айта кетти.  

- Megacom биздин долбоорду эки тараптуу түрдө ишке берүүнү сунушташкан, биз болсо бирдиктүү бир радио жыштыкты колдонуп, аны өнүктүрүүнү сунуштаган болчубуз - деп түшүндүрдү ал.- Бул келишимде көрсөтүлгөн. Эмнеге депутаттар Акылбек Жамангуловдун 86 млн доллар керек болгондугу жөнүндө айткан сөздөрүнө көңүл бурбай жатышканын «КТ Мобайл» түшүнбөй турат.

Тактай кетсек, бүгүн «КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жүрүшүндө «Альфа Телекомдун» башкы директору ага КРнын Профсоюздар Федерациясынын мурдагы төрагасы - премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы - Иманкадыр Рысалиевден коркутуулар болгондугун коомчулукка жарыялаган. Мегакомдун жетекчисинин айтымында, «КТ Мобайлдын» директорунун кызматтан алынган орун басарынын атасы долбоорду эртелеткиле деп тапшырма берип келген. Жамангулов ал азыр бардыгын ачык айтууга мажбур экенин, буга бир нече жумадан бери анын үй-бүлөсүнө келип баштаган коркутуулар себеп болгонун кошумчалады.

«Иманкадыр Рысалиев өкмөттө 3-4 жолу жыйын өткөргөн. Ал үч жолу президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары ээлеген кабинетте кабыл алуу кылган. Долбоорду болушунча тездеткиле деп буюрган. Мындан сырткары, 2-3 жума мурун Мамлекеттик байланыш комитетинде да жыйын болуп өткөн. Аны Рысалиев өзү алып барган. Ага Мамлекеттик мүлк фондунун, Байланыш комитетинин, МБК, «Альфа Телекомдун жана «КТ Мобайлдын» жетекчилери катышкан», - деди Жамангулов.

Акылбек Жамангулов ЖКнын депутаты Алмамбек Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып, коркутуулар бир эле жолу болбогонун, эми алар үй-бүлөсүнө дейре өткөндөн кийин анан бул тууралуу ачык айтууга мажбур болгонун билдирди.Ал депутаттык комиссияга коркутуп-үркүтүүлөр жазылган смс билдирүүлөрдү өткөрүп берээрин айтты.

«Бул бир эле жолу болгон эмес. Көп жолу телефондук чалуулар дагы болгон. Ар кандай коркутуулар болду. Мындан сырткары, расмий каттар дагы бар. Мага үй-бүлөңдү кара деп, өкмөт үчүн бул долбоор абдан маанилүү экенин айтчу. Мен бул адамды, анын тажрыйбасын сыйлайм. Мен бул долбоорго каршы чыкканымдан улам ушундай коркутуулар башталды. «Мен укук коргоо органдарын тартам, текшерүү жүргүзөм. Сенин түбүңө жетем, балдарыңды, үй-бүлөңдү абайла», - деген сөздөргө чейин жеткен, - дейт «Альфа Телекомдун» жетекчиси.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» ЖЧКнун жетекчисинин орун басарлыгынан компаниянын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү айлык акылары боюнча чырдан кийин кызматтан алынган.



Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх