Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Абылгазиевдин бир тууганы Саламаттыкты сактоо министрлигинде майлуу бир департаментти жетектеп отурат

Рыскелди Момбековдун айтымында Азиз Дюйшекеевич баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүмүн көзөмөлдөгөн бөлүмдү жетектейт

Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган иниси Саламаттыкты сактоо министрлигинде жетекчилик кызматта. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирген.

«Өкмөт башчынын достору Саламаттыкты сактоо министрлигин, өкмөттүн аппаратын башкарышат. Абылгазиевдин кичүү иниси - Азиз Абылгазиев - Баңгизаттарды көзөмөлдөөчү департаменттин башчысы. Дүйнөдө экинчи кирешелүү бизнес - дары-дармек сатуу. Баңгизат кошулган дарылар - дарылардын эң кымбаты. Жогорку Кеңештин комитети анын кызмат абалын карап чыгуу боюнча чечим чыгарып берсе да, эмнеге кызматтан албай жатат? Мына ушулардын баары пландык башкаруу маселесин алып келип атат», деди эл өкүлү.

Азиз Абылгазиев СС министрлигинин алдындагы баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүмүн көзөмөлдөөчү башкармалыктын жетекчиси экени министрликтин расмий сайтында да тастыкталат.

Vesti.kg Азиз Дюйшекеевичтин кабылдамасына анын комментарийин угуу үчүн кайрылды, бирок алар жетекчиси жумушу боюнча чыгып кеткенин айтышты.

Эскерте кетсек, буга чейин премьердин алыскы тууганы Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайлдын» башкы директорунун орун басарлыгын ээлери белгилүү болгон. Бул факт коомчулуктун чоң нааразычылыгын туудуруп, Иманкадыр уулу көп өтпөй өзү жумуштан кеткен.



Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх