Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санариптештирүү: «Кыргызстандыктар тууралуу маалымат кимге берилет?»

 Биздин мамлекет электрондук форматтагы жашоого «арыш» кыла албайт го, дейт геополитика боюнча талдоочу. Буга кошулбагандар да бар

Кыргызстан азырынча толук санариптештирүүгө даяр эмес экени көрүнүп калды окшойт. Дымакка толгон максаттарды коюудан мурда глобалдык информациондук дүйнөгө эми кошулуп жаткан элди түшүнүш керек. Мындай оюн Vesti.kg сайтына эл аралык саясат боюнча талдоочу Чынара Эсенгул билдирди.

- Биз электрондук формат тууралуу үстүртөдөн эле түшүнүктөрүбүз менен чоң арыш жасагыбыз келет, - деди ал. Бирок, бул мисалда форма мазмунду аныктабайт. Калктын 30 пайызы жаштардан турганына карбастан кыргызстандыктар дагы эле цифралык жабдуулар менен колдонууга үйрөтүүгө муктаж.

Чинара Эсенгул биометрикалык паспорттор 2017-жылдагы президенттик шайлоодо көптөгөг көйгөйлөрдү чечкенге жардам бергенине кошулат. Анын ою боюнча элдерди бул дүйнөгө акырындан кошуу сөзсүз өз жемиштерин алып келет, бирок азыр эмес, 10 жылдардан кийин.

- Муну дароо ишке ашырууга болбойт, анткени, эл даяр эмес, - деп белгиледи ал.
– Бирок, башка да тобокелдиктер бар, - дейт эксперт. Геополитикалык. Кыргызстандын жеке маалымат базасы жок жана мамлекет дагы көпкө бул маселеде Орусия болобу, Кытай же башка батыш өнөктөштөрдөн көз каранды болот.

- Биз өзүбүз али колдонууну билбеген маалыматты бизден ким алат? - деп суроо салат ал. - Бизге бул оюнчуктарды берген өнөктөштөрүбүз эчак үйрөнүшкөн. Эмнеге «Коопсуз шаардын» өтүшү мынча татаал болду. Анткени, биз кимге байланаарыбыз -бул улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе.

Чинара Эсенгул биздин мамлекет артка кадам таштап, тоскоол болуп жаткан бардык факторлорду караштырып, санарип форматка акырындан өтүшү керек.

Саясатчы Марат Казакпаев, анткен менен Кыргызстандын калкы санарип кызматка оңой эле көнүп кетет деген ойдо. Анын үстүнө эл бюрократия менен кагаз тоскоолдуктарынан чындыгында тажады.
- Маселе чиновниктер менен коррупцияда гана, - деди ал Vesti.kg сайтына. Санарипти жигердүүрөк өткөрүп, бул багытта ылдамыраак иштеш керек.

Башка саясатчы Кубат Султанбеков аткаруу бийлигинин ар бир кыймылы коомчулуктун өзгөрүүлөргө даяр болушу менен негизделиш керек. Ал, ошондой эле, компьютердик сабаттуулук жагынан Кыргызстан Борбор Азиядагы бирден бир мамлекеттерден деп эсептейт.
- Ал эми жалпы аткаминерлер жөнүндө мынтип айтууга болбосо керек, - деп кейиди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. Алардын көбү үчүн, өзгөчө аймактагылар үчүн бул бир табышмактуу, жомоктогу нерсе да. Албетте, бул санариптештирүүнү токтотуп жатат.

Бирок, Султанбеков бул токтоп калууга себеп эмес деген ойдо. Калк менен электрондук форматта иштөө коррупцияны жоюп, дегеле ал жакшы гана жактарга гана ээ болгондуктан, ал бийликке элдин «санарип» менен таанышуусун тездетүүсүн сунуштайт.

- «Коопсуз шаар» киргизилип жатканда ЖМКда абдан көп түшүндүрүүлөр жүрчү, - деп эскерип өттү эксперт. - Бул абдан сонун болчу. Кыргызстандыктардын аң-сезимине бул керектүү жаңылык экенин киргизүү зарыл.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашаган эл менен жолугууда аймактагы аткаминерлерге «Мамлекеттик органдагы жетекчилер, силер сөз менен бардыгын аткарам деп убадалайсыңар, андан кийин бир ай өтсө да силерден бир макулдук алууга мүмкүн эмес, - деген. Ишкана ачууну каалагандарга жардам берүүнүн ордуна силер кайра им тоскоолдуктарды жаратасыңар. Бейтапкана,мектеп, мекемелер, пенсиянын берилишине чейин бардыгы автоматташтырылат. Жергиликтүү бийлик буга даяр болушу керек».


Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх