Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт айрым тараптар Абылгазиевге шек келтирүүгө аракет кылып жатышат дейт

Өлкө азыр кечирип жаткан оңой эмес убакытта премьер жакындарын жумушка орноштуруу менен алек болуп жүрөт беле? Карандай калп дешти өкмөттө

Өкмөттүн ишмердүүлүгү ар кандай деңгээлде дайым сын менен талкууга кабылып келет.. Бирок, азыр каршылаштар жигердүү колдонуп жаткан ыкма - фейктер аркылуу кадимки дискредитация жасоо.

Алардын мындай аракеттери үлгүктүксүз мүнөзгө ээ болуп, өкмөттү жөндөмсүздүгүнүн далилдери катары атайын бурмаланган же ашыкча апыртылган фактыларды көрсөтүп келишет. Биринчи улуттук уюлдук оператордун ишке берилишинин айланасында келип чыккан абал да, тагыраагы, чынында мындай куру дооматтарга жүйөлүү себептердин жоктугу айыптоолордун далилсиздигин эле эмес, бул калпка чыланган өнөктүктүн маңызын ачык көрсөтөт деп биз ишенебиз.

Биз депутаттык комиссиянын түзүлүшүн кубаттайбыз жана «КТ Мобайл» компаниясынын түзүлүш тарыхынын жана ишмердүүлүгүнүн тыкыр текшерилишине кызыкдарбыз. Өкмөт өз кезегинде депутаттарды бул маселеге тийиштүү бардык керектүү маалыматтар менен камсыз кылмакчы, ал эми компетентүү органдар комиссиянын ишине азыртадан эле жигердүү катышып жатышат. Эгерде депутаттар жыйынга премьер-министрдин катышуусу керек деп табышса, ал келип бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

«КТ Мобайл» компаниясынын тарыхына кайрылсак, анын түзүлгөнүнө көп убакыт болгон. Өтүп кеткен жылы гана компания биринчи улуттук байланыш операторунун ишке берилишине реалдуу аракеттерди көрүп, уюлдук компаниялардын арасында ачык аукцион өткөргөн. Сынактын жыйынтыгында «Альфа Телеком» «КТ Мобайл» ЖЧКнун ортосунда эки тарапка тең пайдалуу келишим түзүлгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башынан баштап, мындай кызматташтыкты колдоп келген, анткени, анын жыйынтыгында мамлекеттик компания базалык компания болуп, санариптештирүү саясатын илгерилетүүдө негизги инфраструктуралык локомотивге айланмак. Балким, негизги кемчилик - компаниянын өкүлдөрүнүн муну коомчулукка жеткирип, анын мамлекет менен колдонуучуларга алып келе алчу пайдасын толук деңгээлде түшүндүрө албагандыктары болгондур. Буга кошумча, каралоого ачыла турган таза тарыхка ээ биринчи улуттук уюлдук операторунун атаандаштарынын сүрөөнчүлөрү жигердүү кошулгандай таасир калат.

Туугандар жөнүндө, ал тургай премьер-министрдин «кланы» туурасындагы билдирүүлөргө кайрылсак, алардын бири дагы далилденген жок жана далилдениши да мүмкүн эмес, анткени аларга эч кандай негиз жок. Өкмөттүн алдында маанилүү маселелер турганда, азыркы учурда өлкө кечирип жаткан оңой эмес маалда премьер-министрдин туугандарын жумушка орноштуруу менен алек болуп жүрүүсүн элестетүү да кыйын. Бул болбогон кеп.
Биз депутаттык комиссиянын алкагында коомчулукка кандай жумуш буга чейин жүргөнүн жана ал өлкөгө кандай пайда алып келиши керектиги белгилүү болот деп ишенебиз. Муну менен бирге сынга алууга реалдуу себептерди таба албай, куру дооматтар аркылуу өз максатына жетүү аракеттерин таштабагандарды да ашкерелейт.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх