Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Акылбек Жамангуловдун ага келип жаткан коркутуулар жөнүндөгү билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзөт

 Ал ортодо интернетте премьердин тууганынын «Альфа Телекомдун» жетекчисин «коркутуп жаткандагы» сүйлөшүүлөрүнүн скриншоту жарыяланды

Ички иштер министрлиги «Альфа Телекомдун» башкы директору тарабынан айтылган маалыматты текшерүүгө алат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин басма сөз кызматында билдиришти..

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште «КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Чакырылгандардын бири - «Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директору Акылбек Жамангулов, парламент өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Иманкадыр Рысалиев - премьер-министрдин бажасы тарабынан анын дарегине коркутуулар болгондугун билдирген.


Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Vesti.kg сайтына берген маегинде анын атасы Акылбек Жамангуловдун үй-бүлөсүн коркута алмак эместигин айткан.

Кийинчерээк Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын мурдагы төрагасы Иманкадыр Рысалиев «Альфа Телекомдун» башчысынын сөзү боюнча ИА «24.kg» сайтына пикирин билдирүүдө укук коргоо органдарына Акылбек Жамангуловдун сөздөрүн жалган маалымат таратканы үчүн текшерүүлөрүн суранган.

Ал ортодо интернетте Иманкаддыр Рысалиев тарабынан жиберилген делген коркутуулардын сүрөтү жарыяланган.

 


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх