Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков уран чырынын артында ким тургандыгын билээрин айтты

Президент Кызыл-Омпол кениндеги дүрбөлөң Ысык-Көлдүн жайкы сезонун бузуу үчүн атайын чыгарылган деп ишенет

Кызыл-Омполдогу окуялар жөн жерден саясатташып кеткен. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирген.

«Биз анын артында ким тургандыгын билебиз, - деди өлкө башчы. - Туристтик сезонго даярдык көрүлүп жаткан маалда мындай дүрбөлөң чыгарууну - сезонду бузууга багытталган кара мүртөз аракет катары бааласа болот. Биз бул абалга өкмөттүн өз маалында реакция бербей койгонунан да келип отурабыз. Жыйынтыкта жөн жерден ызуу-чуу чыгып кетти. Мындай болбошу керек эле».

Кызыл-Омпол жергесиндеги уран казуу маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынып, калктын тынчсыздануусун алып келгенин эске алуу менен Жээнбеков Кыргызстанда уран казылбай тургандыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Кызыл-Омполдогу окуяларды президент тоо-кен тармагындагы башаламандыктын жыйынтыгы катары баалады.
«Президенттик кызматка келгенден кийин мен тоо-кен тармагындагы жетекчилерге катуу талаптарды кое баштадым. Лицензия берүү чөйрөсүндө базардагыдай кадимки алып-сатууга жол берилип келген. Ошондуктан, 20118-жылы лицензия берүүнү кылдат текшерип, инвентаризация кылууну сунуштаганбыз, жаңы лицензия берүүгө мораторий жарыяланган. Азыр бул иш боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы азыркы учурда лицензия кум, шагыл жана топурак казууга гана берилип жатканын, чоң кендерге убактылуу токтотулганын эскертип өттү.

«Кыргызстандын кендери эл менен мамлекеттин кызыкчылыктарына кызмат кылышы керек. Биздин келечек таза экологияга байланыштуу, өзүбүздүн таза азыктарыбыз менен биз дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Биз мындай азыктарды өндүрүп, экспортко чыгаруу боюнча чараларды көрүүдөбүз. Биз сөзсүз Кыргызстандын таза экологиясын сактап калабыз», - деп белгиледи Жээнбеков.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх