Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Бир нече министр кызматынын кетиши керек

Эльвира Сурабалдиева өкмөт премьердин туугандарын кызматтан алуу менен эле чектелип калбашы керек деген ойдо

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтылуу бажасы Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинен өз арызы менен кызматтан кеткени маалым болду.

Эскерте кетсек, ага чейин өкмөт башчы ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Арксуга кайрылып, коомчулуктагы чоң резонанска байланыштуу Рысалиевди ээлеп турган кызматынан чакыртып алууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын пикиринде жогорудагы окуя эми министрлердин отставкасына алып келиши керек.

- Өкмөт менен парламенттин жумуш берген эл болуп саналат, - дейт парламент өкүлү. - Премьердин Рысалиевди кызматынан чакыртып алышы туура жана өз маалындагы чечим болду. Биздин элдин менталитетин билип туруп, мындай кырдаалды негизи эле такыр болтурбоо керек эле.

Премьердин туугандарын жумуштан алуу - министрлер кабинетиндеги кыскартуунун башы деп белгиледи ал.

- Жогорку кызматта отургандар алардын туугандарынын кенедей туура эмес кадамы өздөрүнүн орундарына түздөн түз  таасир этээрин түшүнүшү керек, - деп кошумчалады Сурабалдиева. - Мен биздин бир нече министр кызматтарынан кетиши керек деп ойлойм. - Бул эч кандай бир реформаны жасабаган Экономика министрлигинин башчысы. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси, коомчулукта бул министрликке наарачылыктар абдан көп.

 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх