Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен Орусиядан учуп кетти

 Айрым депутаттар өздөрүнүн мурдагы лидери менен байланышып, туулган күнү менен куттукташты. Тарапташтары «РАЖдын» экс-лидерине белектерин жөнөтүп жиберишти

Кыргызстандын президенттине мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн 49 жашка чыкты. Саясатчынын мурдагы партиялаштары ал азыркы маалда үй-бүлөсү менен эс алууга Орусиядан учуп кетишкенин билдиришти.

Vesti.kg сайтына ЖКнын «Республика-Ата-Журт» фракциядан депутаты Руслан Казакбаев Өмүрбек Токтогуловичке анын кесиптештери менен тарапташтары белек-бечкектерин жөнөтүп жиберишкенин маалымдады.

- Мен ага билдирүү менен куттуктоо жибердим, бирок, ал азыр чет өлкөдө эс алууда, - деп белгиледи парламент өкүлү. Ал жерде Кыргызстандын убактысы менен чоң айырма бар. Менимче, Бабанов азырынча менин билдирүүмдү окуй элек. Бизге Бабановдун тарапташтары чалып, ал кайда экенин жана ага кантип белек жиберсе болоорун сурашкан. Биз партиянын жана жаштар канатынын белектерин жөнөтүүгө жардам бердик.

Депутат Мирлан Жээнчороев өз кезегинде Vesti.kg сайтына туулган күн ээси менен байланыша алганын билдирди.
- Биз телефон менен сүйлөшкөнбүз, мен аны туулган күнү менен куттуктадым, - дейт депутат. Кыргызстанга качан кайтаары жөнүндө сөз болгон жок.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен.

Ага карата КРнын ККнин 29- беренеси боюнча («Конституциялык түзүлүштү күч менен чакырууга ачык чакырык жасаган») жана 299-берене боюнча («Улут аралык кастыкты козуткан») кылмыш ишин козгогон.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ал Кыргызстанга кайтып келээрин жарыялап, бирок, Москвадан учуп келчү күнү, өлкөгө азырынча келбей тургандыгын, кийин сөзсүз кайтып келээрин билдирген.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх