Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мавлянова кыргыз келиндерине тойдо төшү ачык көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салууну суранды

 Эл өкүлү «биздин кыздар эч качан жарым жылаңач кийинген эмес» дейт

Кыргыз кыздары үйлөнүү тоюна ашыкча «ачык» кийимдерди кийбеши керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Махабат Мавлянова Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасында жазган."

«Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери ! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык , чыпташып турган көйнөктөрдү алып, кийбеңиздерчи. Ата-энелер, ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи! Той күнү келин кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата , чоң энелери назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону уйрөтөлү кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели!», - деп өз оюн билдирген эл өкүлү Мавлянова.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх