Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Абылгазиев отставкага кетиши керек. Туугандары үчүн эле эмес…

Айрым депутаттар өкмөттүн «дискредитация кылуу аракеттери» жөнүндө билдирүүсүн болбогон сөз деп эсептешет

Жогорку кызматтарда отурган туугандарга ээ болуу - кылмыш эмес, эгерде мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда башкасы каралбаса. Андыктан, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин тегерегиндеги кырдаалдан чоң чуу чыгарчу деле эч нерсе жок. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аркадий Гладилов билдирди

- Өкмөттө бул премьерди дискредитация кылуу аракети деп жатышат, - дейт ал. - Эми балким, чынында эле аракет болгондур. Бирок, менин оюмча, туугандык байланыштар менен дискредитация кылуу кыйын. Ар бир адам өзү үчүн жооп бериши керек. Премьердин беделин көбүрөөк анын аракеттери же, тескерисинче, аракетсиздиги кетирүүдө. Калган маанилүү деле нерсе жок мында.

Талдоочу Кыргызстанда кызматта кайсы туугандык байланыш кызыкчылыктар кагылышына алып келээрин ачык көрсөткөн мыйзам бар дейт. Эгерде Абылгазиев бул мыйзамды бузбаса, анда кимдир-бирөөнү көтөрмөлөө туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес.

- Биздин премьерде кээ бир тармактар боюнча көйгөйлөрү бар, - деп белгиледи Гладилов. - Эгерде, ал өз милдеттерин аткара албаса, мына ошол кылмыш болуп эсептелет.

Ошол эле маалда, саясий маселелер боюнча башка көз карандысыз эксперт Токтогул Какчекеев Мухаммедкалый Абылгазиев боюнча кырдаал мындай аныктамага абдан жакын деген ойдо.

-Ким ал? - деген суроодон баштады сөзүн саясат таануучу. - Залкар өнөр жайчы, окумуштуу, дипломатпы? Жок. Андыктан,  болуп жаткан бул абалга таң калуунун кереги жок. Биз ачык коомго ээбиз, ар ким өз оюн айта алат. Албетте, анын туугандык байланыштарын этика боюнча комиссия, кадр кызматы иликтеш керек. Бирок, Абылгазиевди душмандары жаманатты кылганга аракет кылып жатышат деп элди алдоонун кереги жок.

Ошону менен бирге Какчекеев, бул окуя премьер-министрдин тагдырына андай деле таасирин тийгизбейт деп ойлойт.

- Ал эмнеден коркот эле? Абылгазиев коркуп отургандай жаш кыз эмес, -деп тамашалай кетти ал.

Депутат Бахадыр Сулейманов («Ата Мекен») өкмөттүн Мухаммедкалый Абылгазиевди «дискредитация кылуу аракеттери» жөнүндө билдирүүсүн болбогон сөз деп эсептейт.

- Элдин кылаарга иши жок да, - деди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Мунун баары чын эмеспи? Бардыгы - далилденген фактылар.
Парламент өкүлү премьердин туугандарына эч ким тендерге катышууга, кредит алып же бизнес менен алектенүүгө тыюу салмак эмес дейт. Бирок, өкмөт башчысынын орунсуз бажасы Иманкадыр Рысалиев анын мойнуна чабылган балта болуп калды деп эсептейт. Бул кырдаалда премьер-министр үчүн эң туура чечим - отставкага кетүү.

Маселе туугандарда да эмес, деп кошумчалады анын кесиптеши депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс»). Өлкө 2018 жана 2019-жылдары мышык ыйлаарлык экономиканы көрсөттү, деп белгиледи ал. Бардык тармактардагы башаламандык өкмөткө өзүнүн кудуретсиздигин моюнга алуудан башка бир да жол калтырган жок.

- Кайра эле, жок, кооз докладдар менен чыгышууда, - деди депутат Vesti.kg сайтына. Дискредитациядан башка эмне дей алышат эле. Бирок, факт деген факт. Абылгазиев жөн гана кызматынан кетип калышы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда «Кыргызтелекомдун» карамагында түзүлгөн «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилиги менен кызматчыларынын асман чапчыган айлык акылары тууралуу маалымат пайда болгонун жазган. Анда башкы директор Нурбек Мукамбетов 360 миң сом, башкы директордун орун басары Эрназар Иманкадыр уулунун 300 миң сом, ал эми компаниянын техникалык директору Николай Дмитриенконун 290 миң сом алалаары жазылган.

«Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Vesti.kg сайтына бул маалыматты төгүнгө чыгарган.

Бирок, кийин Эрназар Иманкадыр уулунун атасы - Профсоюздар Федерациясынын мурдагы төрагасы Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бажа экени белгилүү болгон.

Өкмөт бул тууралуу эми гана билгенин айтып, Эрназар Иманкадыр уулун кызматтан кетирген. Анын артынан «КТ Мобайл» ЖЧКнун бардык жетекчилиги өз каалоосу менен жумуштарынан кеткен. Ээлеген кызматын Иманкадыр Рысалиев да бошотту. Премьер-министр «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акылары боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүүнү буюрду.

«Альфа Телеком» ЖАКнун башкы директорунун өзүнүн дарегине Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болуп жатканын билдиргени бул кырдаалга отко май чачкандай эле болду. Эрназар Иманкадыр уулу Vesti.kg сайтына анын атасы бирөөнүн үй-бүлөсүн коркутчу адам эмес экенин айтты. ИИМ бул маалыматты текшере турганын билдирди.

Көп өтпөй депутат Рыскелди Момбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигинде жетекчилик кызматта отураарын айтып чыкты.

Өкмөттүн ишмердүүлүгү ар кандай деңгээлде дайым сын менен талкууга кабылып келет.. Бирок, азыр каршылаштар жигердүү колдонуп жаткан ыкма - фейктер аркылуу кадимки дискредитация жасоо, -деп жооп кайтарды өкмөт. - <…> өкмөттүн жөндөмсүздүгүн далилдери катары атайын бурмаланган же ашыкча апыртылган фактыларды көрсөтүшүүдө.

- Бардык цивилизациялык мамлекеттерде чоңдор мындай ызуу-чуудан кийин өз кызматынан кетишет, - деди Vesti.kg сайтына берген маегинде саясат таануучу Марс Сариев.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх