Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар ЖКда аткаминерлердин кыргызча жооп берүүлөрүн талап кылганы канчалык мыйзамдуу?

Көрсө Жогорку Кеңештин регламенти боюнча өкмөт мүчөлөрү парламентте кыргыз тилинде гана сүйлөөлөрү керек экен

Өкмөт мүчөлөрү парламентте расмий тилинде сүйлөп чыккандары үчүн Жогорку Кеңештин депуттарынын сынына кабылып келген учурлары аз эмес.
Нааразы эл өкүлдөрү аткаминерлерге алардын суроолоруна кыргызча гана жооп берүүлөрүн көп талап кылышат.

Мындай акыркы окуялардын бири 15-майда пленардык жыйында болуп өтүп, анда депутат Рыскелди Момбеков экономика министринин орун басары Эльдар Абакировго : «Мен сизге Манастын тилинде суроо берсем, сиз мага Пушкиндики менен жооп берип жатасыз» деген эле.

Vesti.kg мыйзам парламентте орус тилинде сүйлөөгө жол береби-жокпу тактайлык деп чечти.

ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева Vesti.kg сайтына мыйзам өкмөт мүчөлөрүн парламент ичинде кыргызча сүйлөөгө милдеттендирээрин түшүндүрүп кетти.

- Мыйзам боюнча депутаттар мамлекеттик да, расмий да тилде сүйлөп чыга алышат, - деп белгиледи ал. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин регламентинде өкмөт мүчөлөрү парламенттин жыйындарында кыргыз тилде сүйлөшү керек, башкача айтканда, бардык баямандамалар мамлекеттик тилде өтүшү керек деп жазылган. Бул жөн эле тийишкендик эмес, биз өзүбүздүн мамлекетибиз менен тилибизди баркташыбыз керек.

Парламенттин башка депутаты Иса Өмүркулов болсо эч ким аткаминерлерди тигил же бул тилде сүйлө дегенге укугу жок дейт.

- Өкмөт мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттары расмий тилде сүйлөй алышат, анткени бул Конституцияда жазылган, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Жалаң кыргызча же жалаң орусча сүйлө деп эч ким милдеттендире албайт. Парламент өкүлдөрү баяндамачыга кыргыз тилинде сүйлөөсүн сунуштагандары башка маселе.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх