Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысын ири бизнесмендер кызматтан алып түштүбү?

Буга чейин «жапайы буржуазия» мурдагы премьер-министр Бабановду дагы ээрден кулаткан дейт саясат таануучу…

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандагы IT-тармагын жана ири бизнести жетектеген «жапайы буржуазиянын» басымынын курмандыгы болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына философ жана саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

- 1968-жылы Рокфеллер Советтер Союзунда саясий бюросунун мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда «Мен пролетариаттын диктатура эмне экенин билем. Силер дагы буржуазиянын диктатурасы эмне экенин билишиңер керек» деген белгилүү сөзүн айткан, - деди ал. - Жыйынтыкта СССРдин экономикасынын төмөндөгөн. Ушундай эле абал Кыргызстанда болуп отурат. Бирок, Рокфеллер коммунизмге каршы күрөшкөн, ал эми биздин өлкөдөгү буржуазия ким менен күрөшүп жатат?

Мында маселе Бакетаевдин сөзү боюнча, паспорттон тартып, автобустук билеттерге чейин мамлекеттик маанидеги 254 түр документти Кыргызстандын ичинен өндүрүү мүмкүндүгүнөн башталды. Көз карандысыздыктын акыркы 27 жылында биздин мамлекет акча жана документтерди чет өлкөдөн бастырып келет. Талдоочунун айтымында, абал башкача болушу мүмкүн эле...

Идрис Кадыркулов бул маселенин үстүндө атайын тапшырманын негизинде 10 жылдан ашык убакыт мурда иштеген эле, - дейт ал. - Ал удам тендер өткөрүп, ага жылына 11 млрд сом сарптагандын ордуна өлкөгө завод куруу жеңил деген тыянакка келген. Ал швейцардык КБА Nota Si компаниясынын кызыкчылыгын сүрөп, президент Курманбек Бакиевдин атына баяндама кат жиберген. Албетте, УКМКнын башчысы кызматында аны дароо абийирсиз буржуазия жеп салды.


Айта кетчү нерсе, Кадыркуловду эле эмес: Бакетаевдин айтымында Өмүрбек Бабановдун премьерликтен кетүүгө түрткөн себептердин бири болуп, анын банкнотторду өлкө аймагында чыгаруу идеясын колдогондугу болгон.

- УКМК бир заводдун ишин көзөмөлдөгөнгө алы жетмек, - деп эсептейт саясат таанучу. - Бирок, жүздөгөн тендерлердеги акчалай агымдарды аңдоого чамасы келбейт болчу. Ири бизнесмендер менен IT тармагынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин чечимдерине баш ийбей, өкмөт менен депутаттардын айти-технологияларды билбегендигинен акча жасашат. Алар атайын кызматтардын башчысы менен премьер-министрди, ал тургай президентти алмаштыра алгыдай бекемделип алышкан…

Бакыт Бакетаев Сооронбай Жээнбеков сөз кылган коррупция менен системдик күрөшүүнү баштоого чакырат. Тендерлерди уурулуктан коргоо - анын негизги бөлүгү болуш керек, дейт ал.

- Бул үчүн биринчи кезекте депутаттык комиссия чогултуп, экинчиден биз 25 жылда канча акча жоготконубузду эсептеп бере турган эл аралык аудитордук компанияны чакырыш керек, - деп сунуштайт эксперт. Ишенип коюңуздар, санариптештирүү бизне жогорулатылган баа менен жүрүп жатат. Президент Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Молдова жана башка өлкөлөрдөгүдөй эрктүү бир чечимин кабыл алышы керек.

Бакыт Бакетаев бул «көп баштуу ажыдаар» менен КРнын УКМКНын төрагасы кызматында Дипломатиялыык академиянын мурдагы проректору, юридика илиминин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев жеңе алмак деп ишенет.

- Ага Кадыркуловдой болуп алдары жетмек эмес, - дейт философ. - Азыр Х сааты келип отурат. Эгерде күрөшпөсөң сени жеп салышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg президент Сооронбай Жээнбеков Идрис Кадыркуловду КРнын УКМКнын төрагалыгынан өз каалосу боюнча бошоткон.
Ал бул чечимин е-паспортторду чыгаруунун айланасында чыккан чырга байланыштырган.

УКМКнын төрагалыгына азыркы маалда КРнын акыйкатчысыны милдетин аткарган генерал Токон Мамытовду дайындоо боюнча сунуш түшкөнү белгилүү.

2013-жылы УКМК мамлекеттик маанидеги бардык документтерди даярдап чыгаруу үчүн «Учкун» ААКнын базасында мамлекеттик типография ачууну сунуштаган.

2014-жылы өкмөт УКМКнын өкүлү Идрис Кадыркуловдун, ошондой эле башка министрлик жана мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда курулуштун максатка ылайыыктуулук маселесин изилдөө үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзгөн.

Соода-экономикалык кызматташтык алкагында өз кызматтарын Орусия өкмөтү менен швейцардык КБА Nota Si компаниясы сунуштаган.
Расмий эмес жолугушууда Алина Шаикова менен Дастан Догоев өндүрүштү пайдасыз деп, швейцарлардын сунушун четке кагышкан.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх