Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Госкомпромэнергонун төрагасынын жаңы орун басары буга чейин кесипкөйсүздүк үчүн кызматынан алынган

 Мырза Жанабаевде жаңы кызмат орунуна ылайык жетиштүү тажрыйба жок дейт отун-энергетикалык маселелер боюнча серепчи

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын жаңы орун басары Мырза Жаманбаев буга чейин кесипкөй талаптарга шайкеш келбегендиги үчүн кызматтан бошотулган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы башчысы, отун-энергетикалык маселелер боюнча серепчиРасул Үмбеталиев.

- Премьер-министр Сапар Исаков Жаманбаевди «Кыргызкөмүрдүн» башкы директору болуп бир жыл иштеген соң кызматынан алып салган, анткени, ал иштин бардыгын бүлдүрүп, көмүр казуу планын толтура албай койгон, - дейт ал.– Мен өкмөттүн кадр саясаты абдан кабатыр кылат.


Бир жылга жетпеген убакыт мурун, 2018-жылдын 28-августунда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жаманбаевди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин борбордук лабороаториясынын жетекчиси кылып дайындаган.


- Ал эми андан мурда Мырза Жанабаев Токмоктогу шаардык суу каналынын башчысы болуп иштеген - деп сөзүн улантты Үмбеталиев. - Өнөр жайды ал билбейт, анда жетиштүү тажрыйба жок. Мен бул кадр саясатын эч колдобойм.

Серепчи Жаманбаев өзүнүн профессионалдык сапаттарына жараша эмес,Жогорку Кеңештин фракцияларынын квоталарынын (ал «Кыргызстан» партиясын көрсөтөт) негизинде тандалган болушу мүмкүндүгүн серепчи белгиледи.


Мырза Жаманбаев чындыгында буга чейинки ээлеген кызмат орундарында алгылыктуу таасир калтыра алган эмес: өнөр жай жана жер казуу тармагындагы серепчилер менен мурдагы чоңдордун көбүнүн эсинде ал эч кандай кала алган жок.

Ал жөнүндө геология жана табигый ресурстар боюнча мурдагы министр, техника илимдеринин доктору, геолог Дүйшөнбек Камчыбеков да мурда укпаган. Бирок, Vesti.kg сайтына берген маегинде ал Жаманбаев бул кызматта көпкө отура албаса керек деген божомолун билдирди.


- Жакынкы жума-айларда жаңы түзүм пайда болушу керек: өнөр жай өзүнчө, отун өзүнчө ж.б., - деп түшүндүрө кетти ал. - Анын сыңары, бул убактылуу дайындоо эле го.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Госкомпромэнергонун жамаатына төраганын жаңы орун басары катары Мырза Жаманбаев тааныштырылганын жазган эле.
Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика жана жер казынасы боюнча бөлүмдүн жетекчиси Азамат Оморов Жаманбаев кен казууну абдан жакшы билерин жана ал бул тармакта чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеген.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх