Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязовдун кылмыш иши. Төргөө аны бир дагы жолу чакыра элек

КСДП президенттин аппаратынын мурдагы башчысы суракка чакыруу али ала электигин билдирди

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов али суракка чакыруу ала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Эскерте кетсек, Ниязовго карата кылмыш иши үстүбүздөгү жылдын март айында козголгон эле.
- Иштин материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгилүү болгондон бери эч кандай билдирүүлөр келе элек, - деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоо органдары үстүбүздөгү жылдын 20-мартында милицияга Максат Чегирткеев аттуу жаран арыз менен кайрылганын маалымдаган. Ал президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопко тартууну суранган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх