Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиевдин күйөө баласы - «Кыргыз Почтасы» МИнын башкы директорунун биринчи орун басары

 Урматбек Жакыпбеков кызматка кайнагасынын премьерлиги маалында дайындалган

Интернетте жакында эле «Кыргыз Почтасы» МИнын башкы директорунун биринчи орун басары Урматбек Жакыпбеков КРнын премьер-министрге күйөө бала болоору туурасында маалымат тараган. Муну менен бирге ал кызматына кайнагасы премьер болгондон кийин дайындалганы жазылган.

Vesti.kg бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматына кайрылды. Алар Урматбек Жакыпбекво чындыгында эле премьер-министрдин тууганы экенин тастыкташты. Маалым болгондой Жакыпбеков -Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган агасынын күйөө баласы.

Ошондой эле өкмөттүн басма сөз кызматы КРнын премьер-министринин туугандарынын ишмердүүлүктөрү туурасында дагы маалымат берип кетти.

-Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жөнөкөй үй-бүлөдөн, - деп белгилешти алар. - Анын бир тууган ага-карындаштарынын бардыгы жөнөкөй кызматтарда эмгектенишет, айрымдары пенсия курагында болсо, кээ бирлери үй кожойкелери. Улуу агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы менен пенсияда. Уулу соода тармагында иштейт, кызы - тикмечи, экинчи кызы - үй кожойкеси.

«Соодонбек Абылгазиев – журналист, акын, жазуучу (азыркы маалда жеке бир фирмада кароолчу), жубайы - мугалим. Кызы жеке бизнес менен алектенет, уулу - энергетика багытында окуган студент, кызы - мектеп окуучусу;

- Айнура Дүйшекеева – пенсия курагында. Өмүрлүк жолдошу - ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам. Кочкор районунда жашашат;

- Жылдыз Абылгазиева – мугалим. Уулдары курулуш тармагында иштешет, жөнөкөй куруучулар. Кызы - үй кожойкеси.

- Азиз Абылгазиев - Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баңгизаттардын жана медтехниканын мыйзамдуу жүгүртүмүн көзөмөлдөөчү башкармалыктын жетекчиси. Жубайы - дарыгер. Уулдары банктарда катардагы кызматчылар болуп эмгектенишет. Кызы каржы тармагында иштейт. Анын күйөөсү «Кыргыз Почтасы» мамлекеттики ишканасынын директорунун орун басары (эмгек жолун ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы адис, программист катары баштаган).

- Кундуз Абылгазиева – шаардык бейтапканалардын биринде улуу медайым. Анын өмүрлүк жолдошу - мурап. Уулдары муниципалдык органдарда жана жеке компанияларда иштейт.

- Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып, Укук коргоо түзүмдөрүндө, партиялык иштерде эмгектенген. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында 100 жашка чыкмак. Өкмөт башчынын апасы Жеңилдик Абылгазиева - үй кожойкеси, 85 жашта. Ал премьер-министр менен жашайт, - деп маалымдашты мекеменин басма сөз кызматында.

Ал ортодо «Кыргыз Почтасы» МИнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына берген маегинде Урматбек Жакыпбеков мамлекеттик ишкананын башкы директорунун биринчи орун басарлыгына 2018-жылдын 30-майында дайындалганын белгилешти.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх