Шамиль Асымбеков өкмөттүн аппарат жетекчилигинен өз каалоосу менен кетти
Премьер президентке тиешелүү сунуштаманы киргизди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Шамиль Асымбековду ээлеген кызматынан бошотуу туурасындагы сунуштаманы президентке жөнөттү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун атына Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Шамиль Асымбековду, өз арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу туурасындагы сунуштаманы киргизди.
Буга чейин «КТ Мобайл» ЖЧКсынын тегерегиндеги чырга байланыштуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары отставкага кеткен.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык
камсыздоо бөлүмү
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз