Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Абылгазиев ордун сактап калат деп ойлойм. Бул туура..

Денис Бердаков премьерге жок дегенде шайлоого чейин иштөөгө мүмкүндүк бериш керек деген ишеничте

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дарегине сын байма-бай түшүп турат. Бирок депутаттар жакында эле анын отчетун канаттаандырарлык деп табышып, аны президент да колдоору белгилүү, ошондуктан, анын кызматтан кетүү мүмкүндүгү аз. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди.

- Премьер колунан келгендей иштеп жатат, - деп белгиледи ал. - Албетте, жакшыраак иштесе болмок. Бирок, азыркы маалда Абылгазиев өкмөт аппаратынын жетекчилерин кызматтан бошотуп, өзүнүн ордун сактап калууга аракет кылып жатат деп айтуу кыйын. Ал болгону шаблон боюнча иштеп жатат.

Өз кезегинде башка саясат таанучу Денис Бердаков премьер отставка коркунучу алдында калды деген сөзгө кошулбайт.

- Эң биринчи кезекте, Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин колдоосуна ээ экенин эстен чыгарбоо зарыл, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мамлекеттик чиновниктер иштеген биздин системада өкмөт башчы жыл сайын, ал тургай жарым жыл сайын алмашаарына баары көнүп калды. Бул көрүнүш депутаттарга абдан оңтойлуу, анткени, алар буга катышып, башкача айтканда, өз кишилерин алдыга сүрөй алышат. Мындан башка парламенттегилер премьер-министрдин кадыр-баркынын өсүшүн каалабайт. Башка жактан алганда, жыйынтык болдубу-жокпу түшүнүү үчүн адамга жок дегенде эки жыл иштөөгө мүмкүндүк бериш керектигин айткан президент бар.

Бердаков Абылгазиевдин сынга реакция кылганы анын чоң артыкчылыгы деп кошумчалады.

- Ооба, «КТ Мобайлга» байланыштуу маселе коомдук кызуу талкууну жаратты, анткени, «Мегакомдун» жеке колдорго өтүп кетүү мүмкүндүгү бар. - Мындай учурда аны ондогон компания сотко берет. Бул ишкана - эң ири салык төлөөчү экенин эстен чыгарбаш керек. Ошон үчүн «КТ Мобайлды» түзүшкөн. Идея туура экени айтпаса да түшүнүктүү, бирок анын ишке ашырылышы өтө аксап калган. Менимче, премьер өз ордун сактап калат. Бул туура. Аны шайлоого чейин иштетип, андан кийин эмне кыла алганын сураш керек. Ал жаңы келгенде ага чейин бекитилген бюджет менен иштеши керек болду. Эгерде каражат бөлүштүрүлгөн болсо, өкмөт башчы штаттык түзүмдү дагы өзгөртө албайт.

Саясат таануучу коомчулук өкмөттөгүлөрдү кетиргиси келген. Мына эми, кетишти, - деди ал.

Тактай кетсек, бүгүн Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамиль Асымбековду кызматтан бошотуу туурасындагы сунуштамасын президентке киргизгени тууралуу маалым болгон.

Ага чейин «КТ Мобайл» ЖЧКнун тегерегиндеги чырга байланыштуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов отставкага кеткен.

Ал ортодо кыргызстандыктар социалдык тармактарда Абылгазиев өзүнүн ордун сактап калуу үчүн кол алдындагыларын жумуштан кетирди деген пикирлери менен байма-бай бөлүшүүдө.

Бул жагдай боюнча өз пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков дагы жазган.

«Премьер Абылгазиев өзү отставкага кеткендин ордуна өзүнүн бейкүнөө кол алдындагыларын сатып баштады, -дейт саясатчы. - КТ Мобайлды алар түзүп, бажасын алар коюп, бажасынын баласын орун басар кылган ошолор болгонсуп. Акыйкатсыз жана адамгерчиликсиз! Күчтүү лидер жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Алсыз айыпты жумушчуларына илет».

 

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх