Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы отставкага кетти
Бакыт Шаршембиевдин арызы президентке кол коюуга жиберилгени маалым болду
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
- Арызды өз каалоом менен жаздым - деп тактады ал. - Мындан кийин эмне менен алектенеримди азырынча билбейм. Мүмкүн, өлкөнү санариптештирүүгө жардам берем.
Vesti.kg сайтына өз булактар Шаршембиевдин арызы Сооронбай Жээнбековге кол коюуга жиберилгенин маалымдады.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз