Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Ирина Карамушкина юбилейи менен куттуктабаган кесиптештерине таарынды

 Эл өкүлүнүн айтымында ага кыргыз тилиндеги китеп белекке беришкен, бирок ал аны окуй албагандыктан башка бирөөгө берип койгон

Парламенттин бүгүнкү жыйыны 50 жашка чыгып жаткан депутат Каныбек Иманалиевдин дарегине айтылган куттуктоолордон башталды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кесиптештеринин атынан эл өкүлүнө белектерди тапшырып, куттуктоо сөздөрүн айтты.

Эл өкүлү Ирина Карамушкина парламенттин атынан анын өтүп кеткен юбилейи менен эч ким куттуктабаганын айтып таарынды.

- Силер бардыгын дайыма бул жерден куттуктайсыңыр, а менин юбилейим болгондо унутуп каласыңар, - бул эмне болгон тандалма мамиле?, - деген дооматын Карамушкина трибунадан билдирди. - Ооба, китеп жибергенсиңер. Бирок, мен кыргызча окуй албайм, аны башка бирөөгө бердим.

Спикер өз кезегинде бул маселени тактаарын белгиледи.

- Биз бул жагдайды карап чыгабыз, - деп жооп берди Жумабеков.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх