Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айбек Калиев: ЖЭБ боюнча иште TBEA компаниясы менен түзүлгөн келишимдер жок

Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы материалдарда бир катар маанилүү документтердин жоктугун сотто айтып чыкты

Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБни модернизациялоо боюнча соттук жараян уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев кылмыш ишинде бир катар маанилүү документтердин жоктугун айтып чыкты.

«Энергодолбоорлор жана энергодолбоорлордун TBEA менен келишими, «Электр станцияларынын» 2018-жылкы үч тараптуу келишими жана иштелип чыккан долбоорлордун өзүлөрү дагы жок экен. Бул документтерди кылмыш ишине кошууңуздарды суранам», - деди ал.

Мындан сырткары, ал күбө катары соттук процесстин негизги күбөсү болгон «Энергопроект» КИнин иштеп чыгуучусу Евгений Хафизовду күбөлөргө кошууну суранган.

Сот Калиевдин күбөнү суракка алуу өтүнүчүн канаттандырды. Мындан башка Калиев соттон аудио жана видео тартууга уруксат берүүнү өтүндү.

КСДП басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх