Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт Абылгазиевдин кызы «Ала-Тоо» университетинде эмес, АКШда билим алаарын тастыктады

Премьердин туугандары тууралуу маалыматта ката кетип калганын өкмөт мойнуна алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы Саадат чындыгында эле АКШда билим алат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүндө билдиришти.

- Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Мухаммедкалый Абылгазиевдин кичүү кызынын билим алган жеринде жаңылыштык кеткен, - деп түшүндүрүштү өкмөттө. - Саадат чыгармачылыкка өтө жакын болгондугуна байланыштуу, Бишкек гуманитардык университетинин Европалык цивилизациялар факультетин аяктаган соң, үстүбүздөгү жылдын башында «санарип медиа-искусство» адистиги менен америкалык колледжге тапшырган. Ал анимацияга кызыгат.

Муну менен бирге премьер-министр дайыма ачык-айкын ишке кызыкдар экенин жана муну ал өзүнүн эң жакын туугандары жөнүндөгү кеңири маалыматты коомчулуктун назарына койгондугу менен далилдегендигин өкмөттө баса белгилешти.


- Бирок, айта кетчү нерсе, өкмөт башчысынын мындай ачык позициясын жеке жашоо колтийбестигин эске албай, анын үй-бүлөсү менен балдарына каршы кыянаттык менен колдонууга болбойт, - деп өкмөттө кошумчалашты. - Биз мындан кийин деле коомчулукту кызыктырган маалыматтарды берүүгө даярбыз, бирок ошол эле маалда анын мамлекеттик ишмердүүлүгү туурасындагы маселелерге көңүл буруу туура деп эсептейбиз.

Тактай кетсек, буга чейин «КТ Мобайл» компаниясына байланышкан чырдан кийин Абылгазиев коомчулукка өзүнүн туугандары туурасында, ошондой эле анын балдары эмне менен алектенери туурасында маалыматты сунуштаган эле. Анда, премьердин кичүү кызы «Ала-Тоо» эл аралык университетинде билим алаары көрсөтүлгөн. Бирок, көп өтпөй «Factchek.kg» Саадат Дүйшекеева чындыгында «Diablo Valley College » америкалык колледжде окуурун аныктап чыккан.

Аталган окуу жайда билим алуу акысы жылына 23 миң доллардан ашат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх