Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жактоочусу прокурорлор ноутбуктары менен үстөлдөрдө, ал эми коргоочулар жөн эле отургучтарда отурушканына нааразычылыгын билдирди

 Юрист процессти токтоп, талаптагыдай шарттарды түзүлсүн деди

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кызыкчылыгын сотто коргоп жаткан юрист Нурбек Токтакунов, сотто бир катар жактоочуларга Бишкек ЖЭБнун модернизациясы боюнча иште тийиштүү шарттар түзүлбөгөгүнө ачуусу келди.

Ал адвокаттардын иштөөсүнө кененирээк бөлмө берүүнү суранды.

 «Мисалга, прокурорлор ноутбуктар менен үстөлдөрдө отурушат, ал эми бир катар жактоочулар эч кандай шарты жок отургучтардан орун алышкан. Таймашуучулук принцибин камсыздоо үчүн соттук процессти токтотуу зарыл», - деди Токтакунов.

 Айыптоочу тарап буга адвокаттар кичине жылышып, кесиптештерин жанына отургуза алат деп жооп кайтарышты.

 «Сиздер жылышсаңыздар болот, үстөл, отургуч коюп коюңуздар», - дешти прокурорлор.

 Сот арызды четке какты. Соттун айтымында ылайыктуу шарттар бар жана батууга болот.

 

КСДП басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх